ТОКАЕВ: «Депутаттар менен министрлердин маянасы беш жыл жогорулабайт»

ТОКАЕВ: «Депутаттар менен министрлердин маянасы беш жыл жогорулабайт»

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев  кечээ, 11-январда жаңы өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда министр, депутат жана аймак жетекчилеринин маянасын көбөйтүүгө беш жылдык мораторий жарыялады. Токаев аткаминерлерге ансыз да жакшы төлөнүп жаткандыктан, ушундай чечим кабыл алганын билдирди.

Токаев өз сөзүндө чиновниктерди эл менен сүйлөшүү шыктарынын жоктугуна айыптады. Анын айтымында, өкмөт мүчөлөрү ырааттуу түрдө облустарды кыдырып, облус башчылары эл менен дайыма жолугушууларды өткөрүп турушу керек.

Буга чейин Касым-Жомарт Токаев парламентте сүйлөп жатып мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаевди сынга алган.

«Биринчи президенттин, «Элбасынын» арты менен өтө кирешелүү компаниялар жана эл аралык деңгээлдеги ашынган байлардын катмары пайда болгон»,- деген Токаев.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.