ВИДЕО — Эл аралык дин өкүлдөрү тегерек столго чогулуп, мамлекеттеги дин эркиндигин талкуулашты

ВИДЕО — Эл аралык дин өкүлдөрү тегерек столго чогулуп, мамлекеттеги дин эркиндигин талкуулашты

Бүгүн, 14-январда, Бишкекте 16-январь — Бүткүл дүйнөлүк дин эркиндиги күнүнө карата “Дин тутуу эркиндиги – учурда жана келечекте” аталыштагы иш-чара “Парк” отелинде болуп өттү.

Жыл сайын «Мутакаллим» аялдардын коомдук прогрессивдүү уюму тарабынан уюштурулуп келаткан иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын опер кызматкери Манас Аманбаев, «Mutakallim» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директорунун орун басары Гүлнара Исаева, ДИМКнын аналитика бөлүм башчысы Кубаныч Абакиров жана эл аралык дин өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Алар мамлекеттеги дин эркиндиги, кыз-келиндердин диндеги орду, зордук-зомбулук жана башка бир топ көйгөйлүү маселелерди талкуулашты. Ошондой эле алар ислам жана башка диндеги лидер айымдардын ийгиликтери, жетишкендиктери боюнча ой-пикирин ортого салышты.

Иш-чаранын аягында аялдардын укугун коргоого кошкон салымы үчүн Сарбалхан Полотова менен Рахат Аманбаева сыйлык менен сыйланышты. Сыйлыкты Жамал Фротбек кызы тапшырды.

Назира СААЛИЕВА

P.S. «Mutakallim» аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын кенен маегин эртең, 16-январда окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.