ВИДЕО — Бахтияр САРНОГОЕВ: «Атамдын өз аты-жөнү башка экенин угуп, биз да таңгалганбыз»

ВИДЕО — Бахтияр САРНОГОЕВ: «Атамдын өз аты-жөнү башка экенин угуп, биз да таңгалганбыз»

Бүгүн, 14-январь — Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана 1-даражадагы «Манас» орденинин ээси, ыр күлүгүн чаап өткөн Байдылда Сарногоев жарык дүйнөгө келген күн. Сүйүктүү акыныбыз Таластын Кара-Ой деген айылында 1932-жылы жарыкка келген. Көзү тирүү болгондо бүгүн 90 жашка чыкмак экен. «Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун. Эстеп жүрөр ишиң болсун» дегендей, Байдыке атабыздын артында ишин да, өзүн да эстеп келаткан жубайы Зина эже, беш — үч уул, эки кызы бар. Тилекке каршы, тун баласы Баястан агабыз ооруп, каза болуп калган. Акындын өмүр көчүн улап бир небере, эки чөбөрө да чоӊоюп келатат…

Байдылда атабыздын куттуу үйүнө барып, үй-бүлөсү менен журналисттик жолубузда далай маектешкенбиз. Алардын ар бир сөзүнөн атабызга болгон сагынычы, кусалыгы байкалып турат. Соӊку учурда баарлашуубузга ар кыл шарттар тоскоол болуп, жаӊыртып маек куралы деген максатыбыз ишке ашпай келет… Ошентсе да, бири-бирибиздин ал-акыбалды сурап, телефондо сүйлөшүп турабыз. 

Бүгүнкү Байдылда атабыздын 90 жылдык мааракесин утурлай, архивдеги жубайы, кыздары, баласы, небересинин эскерүүлөрдү берүүнү чечтик. Алгач уулу Бахтияр агабыздын маегин берели. 

АРХИВден…

Бахтияр САРНОГОЕВ: «Атамдын өз аты-жөнү — Убайдылда Айтманбетов»

Байдылда атабыздын өз аты-жөнү башка экенин 2007-жылы «Де-Факто» гезитиндеги Зина Сарногоева эжебиз менен болгон маекте, ортончу уулунан уктук эле. Анда Бахтияр байке мындай деген:

— Таласта Чоң-Чычкан (азыркы «Жерүй» кени салынган жер) деген тоо бар. Ошол жакта Кулманбес (негизи Кулун эмбес болчу) деген кыштоо бар. Атам ошол жерде төрөлүп, балалыгы ошол жерде өткөн. Уруусу — чылпак. Чылпактар «күңгөй, тескей» деп экиге бөлүнөт экен. Атам тескей чылпактардан болот. Чоң атам Сарногой молдо болгон экен. Негизи чоң атамдын да өз аты — Айтманбет. Эл арасында ногой, татарлар көп жашашкан экен. Ошолор менен кошуна туруп калганда, бир татар молдо, чоң атам сары киши болгондуктан аны «Сарыногой» деп атап койсо, ошол аты ошол бойдон айтылып калып кетет. Атамдын да азан чакырылып коюлган аты Убайдылда болуптур. Ошондо өз аты-жөнү — Убайдылда Айтманбетов болуп атат да. Биз деле кийин, 1991-жылы кайсы бир журналга атамдын берген интервьюсунан окуп алып таң калганбыз.

Назира СААЛИЕВА,

«Де-Факто», 2007-жыл

Таберик тасма таржымалы…

Былтыр, 12-декабрь — Адабият майрамында үч залкар: жаркылдап сахнада — президиумда — маараке ээси Темиркул Үмөталиев, мааракеге баш-көз болуп куттуктоо сөзгө кезек берип Чыңгыз Айтматов отурган, анан турган жерде ыр саптары төгүлгөн, азил-какшык аралаш саптары менен далайды чычалаткан, далайды алдастаткан Байдылда Сарногоевдин микрофондор, жарык кылчу лампасы тагылган трибунада куттуктоо азил кебин айтып жаткан кыска тасма «Фейсбукка» тараган

Байдылда атабыздын кичүү кызы Карлыгач эжеден таберик тасма жайын Вотсаптан сурасам, Темиркул Үмөталиевдин мааракеси экенин айткан. Иниси Бахтияр байкеден жылын сураса, 1987-жылкы видео экен. Тартылганына 34 жыл болуптур. 1987-жылы — Байдылда Сарногоев 55Чыңгыз Айтматов 59, маараке ээси Темиркул Үмөталиевдин кутман курак 80ге келген убагы экен…

Назира СААЛИЕВА

6 thoughts on “ВИДЕО — Бахтияр САРНОГОЕВ: «Атамдын өз аты-жөнү башка экенин угуп, биз да таңгалганбыз»

  1. Уведомление: Алакан

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.