Эрнис АСЕК уулу: «Байдыкенин каргасындай болуп «Ка-ак живешь поэт» деп койгонго жарабады»

Эрнис АСЕК уулу: «Байдыкенин каргасындай болуп «Ка-ак живешь поэт» деп койгонго жарабады»

 

Бүгүн, 14-январь — СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана 1-даражадагы «Манас» орденинин ээси, ыр күлүгүн чаап өткөн Байдылда САРНОГОЕВ жарык дүйнөгө келген күн. Сүйүктүү акыныбыз Таластын Кара-Ой деген айылында 1932-жылы жарыкка келген. Көзү тирүү болгондо бүгүн 90 жашка чыкмак экен. 

Байдылда атабыздын 90 жылдык мааракесин утурлай, архивдеги эскерүүлөрдү берүүнү чечтик. 

Записки от скуки

КАРЫЗ

«Тигиге мынча, буга мынча, баягыгы түкүнчө сом карызмын» деп саресепке сала баштады. Азыр кыргыздын баары ушинтип жашап жатышат. Мен күндү ойлодум. Ал берген жарыкты ойлодум. «Адамзат асмандагы Күнгө алмустактан бери берип келаткан жарыгын кайтарып берсе, баарыбыз карыздардан кутулмак болчубуз» деп жибериптирмин. Дегенимди учуп бараткан карга гана укту. Байдыкенин каргасындай болуп «Ка-ак живешь поэт» дегенсип, «карк» этип койгонго жарабады. Азыр кушунан бери тескери болгон заман келгенби дейм…

Эрнис АСЕК уулу

«Баягы Асаба», 2013-жыл

КАРГА ЖАНА МЕН
Коштошуп алыс жактарга,
Коңур күз сапар тартканда.
«Кожоюн» болуп шаарга,
Кошулуп жааган ак карга.
Булбулдун булгап бутагын,
Каргалар конот бактарга.
Караңгы тартып айлана,
Агарат жерде кар гана.
Көчөдө кетип баратып,
Көз салсам жалгыз каргага,
«Как живешь, поэт?» — дегенсип,
«Карк» — этип коёт ал мага.
Талаада, колхоз айлынан,
Таштанды көрсө аңдыган.
Каркылдаган урганга,
Кантип сырым алдырам?
«Өйдө жашайм сенден!» — деп
Өтүп кеттим алдынан.
                     Байдылда САРНОГОЕВ

Өмүр таржымалы

Байдылда Сарногоев Талас жергесинде Кара-Ой айылында (Кулдамбес кыштоосунда) 1932-жылы туулган. Фрунзе шаарындагы орто мектепти аяктап, Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчысы, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.
Алгачкы ыр жыйнагы «Шумкар», ал 1952-жылы жарык көргөн. Көптөгөн ырларына обон жаралган. Чыгармалары орус тилинде да басылып чыккан. «Ашуудан берген отчетум» аттуу китеби 1986-жылы жарык көрүп, ал Кыргызстан жазуучулар Союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. Он жылдан кийин, 1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпир» («Золотой мост») сыйлыгы ыйгарылган. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген. «Байдылда» аттуу жыйнагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыкка 2000-жылы татыган. В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, эмгектеги артыкчылыгы үчүн «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы «I даражадагы Манас» ордени менен 2002-жылы сыйланган.

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде:

1. «Шумкар«. Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 87 б.
2. «Досторума». Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 152 б.
3. «Бала мерген». Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 42 б.
4. «Баяс». Ыр менен жазылган повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 123 б.
5. «Жокен» – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 16 б.
6. «Ак калпак«. Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 188 б.
7. «Тоолор жана тоолуктар». Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1966 – 179 б.
8. «Үзүлбөгөн үмүттөр». Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 124 б.
9. «Сүйлөшүү». Ырлар, поэмалар, термелер. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 167 б.
10. «Менин батпас күнүм». Ырлар, поэмалар, котормолор. – Ф.: Мектеп, 1972. – 142 б.
11. Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 316 б.
12. Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 314 б.
13. «Ашуудан берген отчетум». Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 240 б.
14. «Таалай өлбөйт». Поэмалар, ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 124 б.
15. «Ашуудан берген отчетум» Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 239 б.; 1984. – 300 б.; 1989.
Орус тилинде:
Баяс: Стихи и поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 142 с.
Горячее озеро: Стихи. – М.: Мол. гвардия, 1958. – 149 с.
Гнездо сокола: Стихи, поэма. – М.: Советский писатель, 1987 – 107 с.
Эхо в зрачках: Стихи, поэмы – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 164 с.

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев 72 жаш курагында узакка созулган оорудан улам 2004-жылы каза болгон. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Бейитине эстелиги тургузулган.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.