ВИДЕО — Мадумаров чек ара боюнча сурак берип чыкты. Бул маселе боюнча буга чейин президент айтты эле…

ВИДЕО — Мадумаров чек ара боюнча сурак берип чыкты. Бул маселе боюнча буга чейин президент айтты эле…

Бугун, 14-январда Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага суракка кирип чыкты. Сурактан кийин депутат журналисттердин суроосуна жооп берип жатып дагы суракка чакырыларын билдирген.

Ошондой эле, ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго кол койгону боюнча күбө катары көрсөтмө бергенин «Азаттыкка»билдирип, президент Садыр Жапаровдун атын атаган. «2019-жылы чек ара маселеси боюнча кылмыш иши козголгон экен. Аны бардык тараптар карап көрүп, «таптакыр эч нерсе жок» деп жабылып калган экен. Ошол жабылып калган нерсени декабрда, парламенттин сессиясы башталгандан тартып кайра козгоп жатышат«,-деп жооп берген депутат.

Бул протоколго ылайык, кыргыз тарап Тажикстанда 275 метр жер тилкесин 49 жылга ижарага алган.

Садыр ЖАПАРОВ: «Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол коюптур»

Былтыр президент Садыр Жапаров ММКларга жыйын өткөргөн. Андагы журналисттер кыргыз-тажик чек арасыынын чечилбей келатканы боюнча суроо беришкен. Ага мындай деп жооп берген: «Чек ара маселеси оюнчук маселе эмес экен. Бул 30 жылдан бери чечилбей келаткан маселе. Мен бүгүн кол коюп чечкенге даярмын. Бирок, документтерге кол коюлуп калыптыр. Кыргыз-тажик чек ара боюнча документке Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда кол коюп коюптур. Ал жерде үч талаштуу маселе бар. Бирөөсү, Төрт-Көчө деген жердеги 275 метр жер, экинчиси, Ворухка кеткен жол. Үчүнчүсү, Баткен менен Лейлек районунда талаш жер бар«, — деген Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун мындай маалыматына Адахан Мадумаров эч кандай жооп кайтарбаганы менен 2009-жылы Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы болуп турганда кол койгон протоколу боюнча түшүндүрмө берген. Анда ал: «чек арага кол коюу андан аркы сүйлөшүүлөргө гана негиз болчу документ» деген.

2019-жылы, 22-июлда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Кыргызстан тараптын айтымында, 22-июлда кечки 17:20да Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотобуз дегенде Ак-Сай айылынын тургундары каршы чыккан. Ал эми Тажикстандын чек ара кызматынын айтымында, кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыккан. Баткендин жашоочулары кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча айтып беришкен. “Бир кезде ушул жерди берүүгө кол койгон Адахан Мадумаров келсин, чечсин!»,-деген талапты коюшкан. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрсөңүз болот.

Кыргыз-тажик чек ара маселеси 30 жылдан бери чечилбей келатканы ачуу чындык. Бийлик болсо, бул маселеге Мадумаровду айыптаса, Мадумаров болсо толук, так, ачык маалымат бере элек. Жакында баары ачыкка чыгып. чекит коюлаар.

И баса…

«Бүтүн Кыргызстан» фракциянын депутаты Орозайым Нарматова да ушул эле күнү ( 14-январда) саат 16.00го суракка күбө катары чакырылганы маалым болду. Анын чакырылганын себеби азырынча белгисиз.

Ал эми Адахан Мадумаровдун айтымында, «Бүтүн Кыргызстан» партиясына карата кысым болуп жатат.
Президент менен анын администрациясы Мадумаровдун дооматына үн ката элек.

Буга чейин О.Нарматова былтыр, 10-сентябрда Ош эл аралык аба бекетинен кармалып, Бишкекке жеткирилип, сурак бергенин ИИМ билдирген. Андагы маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.