МАЕК — ЖАПАРОВ: «Ажобуз элди түзөгөнгө аракет кылууда, бирок, жан-жөөкөрлөрү жакшы жарашпай жатат»

МАЕК — ЖАПАРОВ: «Ажобуз элди түзөгөнгө аракет кылууда, бирок, жан-жөөкөрлөрү жакшы жарашпай жатат»

Архив абийирди ачат!

Учурда эл сынына катуу кабылып жаткан, буга чейинки кызматтарында деле жакшы сөз айтылбаган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматсыз калган 2014-жылы экономика, саясат, Бажы биримдиги, кымбатчылык, газ, свет, күйүүчү май жана чек ара маселеси боюнча маектештик эле. Анда ал эл тарапта болуп, өкмөттү сындап, «Ажобуз элди түзөгөнгө аракет кылууда, бирок, жанындагы жан-жөөкөрлөрү жакшы жарашпай жатат. Жакшы бир тыңыраак премьер жана команда тегерегинде топтоло элек» деди эле. Андагы маеги «Күзүндө эл көтөрүлүп кетиши мүмкүн…» аталышта «Баягы Асаба» гезитине жарык көргөн. Ошол 8 жыл мурунку маеги актуалдуулугун жоготпоптур… Чындыгында, Кыргызстанда башчылар гана алмашпаса, элдин жашоосу оңолгон жок, кымбатчылык күчөп барат… Ал эми азыр Акылбек Υсөнбекович өзү бир кездерде сындаган кызматта… «Кылы кыйшайбайт го» деген сөздөрдү, сындарды командасы менен угуп жатат…

АРХИВден…

Акылбек ЖАПАРОВ: «Дегеле кыргыз элине жагуу кыйын го, Манас да жакпаптыр, «Эрдиги бар, эси жок» деп жүрүшпөйбү»

— Акылбек мырза, жакында эр ортону 50 жашка чыкканы турасыз. Жашоонун кыйынчылыгынан улам 50 эмес, 5 жашка чыккыңыз келген жокпу? Келечекте экономист болоруңузду билдиңиз беле? Ушундай кесипти тандап алганыңызга өкүнбөсөңүз керек?

— Адам реалист болуш керек. Анткени, өтүп кеткен убакка кайрылып бара албайсың да. Келечекте экономист болорумду билген эмесмин. Бала кезде врач же инженер болом деген кыял бар эле. Экономист болгонума өкүнбөйм. Мындай кесипти тандап алганыма саясат түрткү болду. 1993-жылы Социал-демократиялык партияны түптөп жатканда, жети теңтөраганы шайлап (алардын арасында А.Эркебаев, А.Тагаев, К.Идинов, А.Марышев, Ж.Ибраимов, А.Атамбаев), мен жооптуу катчы, аппарат башчысы болуп шайлангам. Ушу күнгө чейин алар менен саламым түз. Абдыжапар Тагаев 1995-жылы 1-вице-пермьер болгондо өзүнө жардамчы кылып чакырды. Ал жерден көбүнчө экономикалык жумуштарды алып барууга шарт түзүлдү. Эртеден кечке республикалык деңгээлде кагаздарды окуп атып, эң эле көп суроолор экономика, финансыга байланыштуу талаптар экенин билдим. Экономист болууга кызыгуум ошол жерден башталып, Бишкектеги Финансы-экономикалык академияга тапшырып өтүп, экономист кесибине ээ болдум. Абдыжапар Абдыкарович экөөбүз биринчилерден болуп Кыргызстанда кыргыздын фондулук биржасын ачып, борбордук депозитарий түзгөнбүз. Фонддо Кыргызстандын улуттук комиссиясынын баалуу кагаздар боюнча мүчөсү болуп да иштедим. Кыскасы, сасатка аралашып жүрүп, экономика, финансы менен алпурушуп калдык.

— Амбиция, эмоцияга алдырып, ката кетирген күндөр болсо керек?

— Катачылыктар көп эле кетти. Эмоцияга алдырган күндөр да болду. Акыл-эс менен эмес, эмоция менен чечим кабыл алынган убакытта бир топ ката кеткенин азыр сезип атам. Азыр ошо катачылыктарды оңдоонун үстүндө иштеп жатабыз. «Мои года – мое богатство» дегендей, бир топ тажрыйба топтоп, көп кишилер менен жоро-жодош, үзөңгүлөш, замандаш болуп, команда топтой алдык.

— Кыргыз экономикасына теориялык-практикалык салымыңыз канча болду? Эмне аткарылып, эмнеси аткарылбады?

— Салык жана модернизациялоо боюнча багытты аркалап келатам. «Кыргыз экономикасын модернизациялоо» боюнча докторлук диссертацияны (экономикалык изилдөөлөрдө жардамы аябай тийди) жактагам. Ошол боюнча аспиранттарды даярдап атам. Мындан тышкары, ушу тармак боюнча студенттерге дарс окуп, Кыргызстанда, Москвада, башка мамлекеттерде илимимди өркүндөтүп атам. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасында депутат (салык, бажы жана бөлөк төлөмдөр боюнча комитеттин төрагасы) болуп турганда, Бажы жана салык кодекстерин кабыл алдык, ошолордун авторлорунун биримин. Кийин финансы министри, экономика министри болуп иштегенде ошол мыйзамдарды турмушка ашырдык. Жогоруда аталган диссертациям боюнча «Мобил» аттуу атайын программа иштеп чыкканбыз. «Канткенде кирешелерди көбөйтүп, чыгашаларды азайтабыз?», «Кантип өнүгүү жолуна өтөбүз?» деген программалардын көпчүлүгү аткарылбай турат. Бирок, буйруса, турмушка ашат деген ойдобуз.

— «Кыргызстан экономикасы» деген түшүнүктү чечмелесеңиз, биздин экономика эмнеден турат?

— «Кытай, анан жалпы дүйнө жүзүндөгү экономикасы» деген түшүнүк бүгүнкү күнү да бар. Тилекке каршы, «Кыргыз экономикасы» деген түшүнүк кыргыздардын өзүндө эле бар, башка элге таандык эмес. Биздин экономикабыз тейлөө жана соода-сатыктан турат, 50га чейин айыл чарбадан, 30 электр энергиясы. калгандары – өндүрүш, кайра иштетүү ишканалары, анан кен иштетүү болуп эстептелет. Бүгүнкү күнү эмне болсо, ошолордун баары советтер доорунан калган. Токмоктогу айнек жана Майлы-Суудагы лампа заводу союздан калган. 23 жылдан бери алга жылалбай келатабыз. Коммунисттерден калган завод, фабрикалардын айрымдарын иштеткенге жетиштик. Бирок, заманбап технологиялар менен экспортко чыгара турган завод ишканаларды куралбай калдык. Кечээ кыргыз экономикасы, айыл чарба жана өндүрүш экономикасы болсо, бүгүн жок, жоготуп алдык.

— Сиздин оюңузча, Дүйнөлүк соода уюмуна кирип өндүрүштү коргоп калдыкпы же талкаладыкпы?

— Ойлонбой, саясий чечим менен Дүйнөлүк соода уюмуна кире калып өндүрүшүбүздү таптакыр талкаладык. Эртеңкибиз бүгүн курулуп жатат. «Бүгүн иштейбиз, иштетебиз жана туура өнүгүү жолуна өтөбүз» деген кишилердин саны өтө эле аз болуп жатат. «Пенсия, пособия алып, саясат менен алек болобуз» дегендер көп болуп, эртеңкибиз кичине бүдөмүк болуп турат. Акыл эстүүлөр чогулуп, мыктыларды шайлап, аларга баш ийбесек келечек кыйын. Ар бир айылдан баатыр шайлай берсек, анда кыйыныраак болуп калат.

— Бажы биримдигине киргенге каршыларды катарындасыз. Өкмөт даярдыктар бүтүп калды деп жатат, кааласак да, каалбасак да кирерибиз анык. Эмне кылабыз?

— Бажы биримдигине кирбей эле койсок дегендердин катарындамын. Алыс алдыга карай турган болсок, Бажы биримдиги 20 жылдан кийин жок болот. Баары тең Бүткүл дүйнөлүк соода уюму жана бир эреже менен иштегенге умтулуп жатат. Орусия кирди, Казакстан кирди деп турат, Беларусия да аракет кылып жатат. Булар «5-10 жылдан кийин Кыргызстанда иштеп турган эрежелердин баарын кабыл алабыз» дешсе, биз болсо «тигилер дагы он жыл өскөнчө күтө туралы» деп жатабыз. Турмуш деген ордунда тура бербейт. Улам жылып кете бере турган нерсе. Ошондуктан кыргыз өзүнүн өнүгө турган жолун тандап алса жакшы болмок эле. Бажы биримдигине кирсек да, кирбей койсок да, асман жерге түшүп кетпейт, суу акканын токтотпойт. Келечекти кеңири карап, башка мамлекеттердей өсүп-өнүгүп кетебиз десек, анда Япония, Малайзия, Кытайдай болуп бөлөк өлкөгө көз каранды болбой, өзүбүздүн экономика жана башкаруу моделибизди тактап алсак, анда өнүгө туран жол бар. Ошондо гана чоң-кичине мамлекет менен теңата сүйлөшүп, карым-катнашты жүргүзө алабыз. Бирөөгө жармашып алган болбойт. Анткени ал жакшылыкка алып келеби, келбейби, аны айта албайбыз.

— Орусияга жармашып эле жатпайбызбы. Анын үстүнө ал жакта санкциялар кабат-кабат киргизилип жатат. Азабы жалпыга тарабайбы? Учурдагы кымбаттоого да таасири бардай? Мисалы, айрым серепчилердин айтуусунда, товарларга 50 сом эле кошулат экен. Ар бир товарга 50 сомдун кошулушу бизге окшогон карапайым элге чоң акча. 50 сом эмес, 5 сомго көтөрүлгөн товарлардын акчасын көтөрө албай жатабыз. Мына дагы «нан кымбаттайт» дешүүдө. Бензиндин баасы күндөн-күнгө өсүүдө. Дегеле кымбаттоо сизге билинип жатабы?

— Ооба, кымбаттоо билинип эле жатат. Бүгүнкү күнгө чейин бир топ өкмөттө иштедим. Өкмөттө 1 литр бензин же соляркага 40 же 50 тыйынга баа көтөрүлсө өкмөттүн курамы чогулуп, президенттер отчет алып турчу. Парламентке барып отчет берчүбүз, эл алдына чыгып түшүндүрчүбүз. Бүгүнкү күндө 1 литр күйүүчү майдын баасы 8 сомго чейин баа көтөрүлүп кетсе да, өкмөт кабак-кашым деген жок, аракетин да көрө албай жатам. Апрель айынан бери Казакстандан күйүүчү май заттарды киргизе албаган, жазында эч нерсе кыла албаган өкмөт кышында эмне кылат эле деген суроо туулат. Бир даана нанды сатып ала турган болсоңуз, ошонун 25-30 күйүүчү заттар, 20 электроэнергия. Күйүүчү май, электроэнергия кымбаттаганда нан кымбаттайт. Доллар бекемделип, сомдун күчү түшсө да продукция кымбаттайт. Кичинеден кымбаттап олтуруп чоң бир секирик болуп калышы ыктымал. Өзгөчө бюджетти (айлык, пенсия, пособияны) караган карапайым элге бул өтө чоң коркунучтардын бири. Бул коркунучтарды азайтуу механизмдер бар, бирок, ошого же акылдары жетпей жатат, же өз жумуштары менен алек болуп убактылары жок. Чынын айтсам, азыркы өкмөттүн иштөө принциптерин жакшы түшүнө албай жатам.

— Орусия жашыл-жемиш жеткиргенге бардык чектөөлөрдү алып салды, өкмөт ал жактын рыногун багындырганга потенциал жетиштүү деп жатат. Бул мүмкүнбү? Андан да экспорт да  бааларды көтөрүп жиберет деген кооптонуу бар.

— Туура. Жашылча-жемиштен ортомчулар пайда көрүп, дыйкандар жакшы пайда көрө албай калышууда. Бизде инфраструктура, чоң-чоң кампаларыбыз жана Орусияга жашылча-жемиштерди түз жеткизе турган машина, поезддерибиз жок. Мунун баары жеке ишкерлердин колунда. Эң чоң пайданы Бажы биримдигине киргенде ортомчулар көргөнү турат. Бул да болсо биздин чабалдыгыбыз, Бажы Биримдикке кирип жатып дале даярдыгыбыз жок экенинен кабар берет. «Баасы жакшы экен» деп ортомчуларга карматып өзүбүз ачка калабызбы?.. Баары Орусияга кетип калса, анын ордун сапаты начар, генофондго зыянын тийгизе турган продукциялар басат. Кытайдан же бөлөк мамлекеттен арзан баада келет. Өзүбүздүн жашылча-жемиштин кандайдыр бир көлөмү өлкөбүздө калышы керек. Бул жагын өкмөт эске алып, кандайдыр бир кадамдарды жасап жатышы ыктымал. Бирок, ачык айтышы кыйын. Биздин өкмөт азык-түлүк коопсуздукгу 1-орунга коюш керек!

— Дегеле бүгүн элдин абалы кандай деп ойлойсуз? Мисалы, түштүк аймагындагы чек ара маселеси, свет, газ… Кымбаттоого эл нааразы. Күзүндө эл көтөрүлүп кетиши мүмкүнбү?

— Баа көтөрүлсө баарыбызга кыйын. Мен көзү ачык эмесмин, бирок, күзүндө эл көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Мен муну өкмөттүн олдоксон иштегенинен, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүгүнөн улам ушундай кырдаал түзүлүп калышы ыктымал. Баарыбыз эл деп айтканыбыз менен, жашоосун ойлогон жокпуз. 23 жыл ичинде эл теңчиликтен ажырап, бай, кедей болуп бөлүндү. Колунда жок бечералар пайда болду. Баалар көтүрүлсө кыргызга эле кыйын болот.

— «Президенттер оңолбой эле, барган сайын начарлап баратат» дешүүдө, «жакшы ажо келсе элдин түзөтөөр, жаман ажо келсе элди жүдөтөөр» дегендей, азыркы ажо элди түзөтүп атабы же жүдөттүбү?

— Ажобуз элди түзөгөнгө аракет кылууда, бирок, жанындагы жанжөөкөрлөрү жакшы жарашпай жатат. Мурунку ажолордой эле 3-4 премьер-министрди алмаштырып салды. Жакшы бир тыңыраак премьер жана команда тегерегинде топтоло элек. Бирок жакшы команда топтоп, элибизди түзөтөт, оңолот деген үмүт бар. Анктени алдыда 3-4 жыл бар.

— Сынды кандай кабыл аласыз?

— Дегеле кыргыз элине жагуу кыйын го, Манас да жакпаптыр, «Эрдиги бар, эси жок» деп жүрүшпөйбү. Кымызды да сындап ичебиз. Сын айтылсын, бирок, туура айтылсын. Сынды туура эле кабыл алам. Бирок, кээде калп жазылып, айтылган ушактарды угуп алып жаман болом. Анткени апам, балдарым укса, аларга катуу тийет го деп тынчсызданам.

— Көрүнүктүү адамдар сайттарды саат сайын окуп турары бышык. Кайсы сайттын «фанатысыз»?

— Бир дагы сайттын фанаты эмесмин. Көбүнесе Орусиянын, Европанын экономикалык-финансылык сайттарына көңүл бурам. Кыргызстанда болсо, «Аки-пресс», «24 kg», «Кабарлар» сайттарын карайм.

— Бирөөгө пара берип же алып көрдүңүз беле?

— Пара берип да, алып да көргөн эмесмин.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА,

 «Баягы Асаба», 11.09. 2014-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.