Мектепке «дин таануу» сабагын киргизүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул боюнча президенттин пикири…

Мектепке «дин таануу» сабагын киргизүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул боюнча президенттин пикири…

Тегерек столдогу талкуу. Эл аралык дин өкүлдөрүнүн максаты

Бүгүн, 16-январь — Бүткүл дүйнөлүк дин эркиндиги күнү. Бул күнгө карата “Дин эркиндиги – учурда жана келечекте” аталыштагы иш-чара Бишкектеги “Парк” отелинде 14-январда болуп өткөн. Мындай иш-чараны 5 жылдан бери «Мутакаллим» аялдардын коомдук прогрессивдүү уюму уюштуруп келет.

Тегерек столго “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова, ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын опер кызматкери Манас Аманбаев, «Mutakallim» аялдардын прогрессивдүү  коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) директорунун орун басары Гүлнара Исаева, ДИМКнын аналитика бөлүм башчысы Кубаныч Абакиров, Билим берүү тармагы боюнча серепчи Кеңешбай Сайназаров жана эл аралык дин өкүлдөрү, эксперт, теологдор катышты. Алар мамлекеттеги дин эркиндигин, кыз-келиндердин диндеги орду, зордук-зомбулукту алдын алуу жана бир топ көйгөйлүү маселелер боюнча талкуулашып, мектептерге «дин таануу» сабагын киргизүү маселесин кайрадан козгошту…

Жамал ФРОНТБЕК кызы: “Мектепке «дин таануу» сабагын киргизүү туура”

«Mutakallim» аялдардын прогрессивдүү  коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызынын айтымында, бул иш-чаранын максаты — дин тутуу эркиндиги боюнча социалдык жактан биригип, чогуу иш алып баруу.

Жамал айым коомдук бирикмени ачууну студент кезинде эле пландаганын, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун менен биргеликте 1996-жылы Уставын жазганын, 2000-жылы Юстиция министрлигине катталганын билдирди. Алгачкы иштерин абактагы аялдардын абалынан баштаганын айтып, андагы аялдардын жашоо-шартын эске алуу жүрүү турмушта чоң сабак болгонун баса белгиледи. Ошондой эле ал, Муфтият менен чогуу иш алып барууга көптөн бери эле далалат жасап келатканын билдирди. «Мен Муфтияка аялдар иштей турган бөлүм ачып берүүнү, Муфтият Уламалар кеңешине аялдарды кошууну Муфтийге сунуштап келатам. Себеби, ал жерге көйгөйүн айтам деп келген кыз-келиндер эркектерге ачылып сүйлөп бере албай тартынат да. Ал эми аялдарга кимдир бирөөдөн кордук көргөнүн коркпой, баарын ачык айтып беришет. Кыз-келиндерди ошондой бир кордук, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатта бөлүм ачтыра албай келатам«,-дейт Жамал айым.

— Жамал айым, мектепке жоолук салынып баруу маселеси боюнча да чуу болуп келатат. Мектепке униформа кийүү боюнча мыйзам бар да?..

— Ушул маселе боюнча биз 20 жылдан ашуун иш алып барып жатабыз. Мурда 200дөй даттануу арызы түшсө, азыр үчөө гана түштү. Бул эмнени билдирет? Бул жоолук салынып барууга тыюу салуу азайды дегенди билдирет. Албетте, биз мыйзамды сыйлайбыз, бирок, адамдык фактор деген бар, ошону да унутпашыбыз керек! Жоолук салынып баруу боюнча биз кыздардын ата-энеси менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп эле келатабыз. Аларга биз: «Кыздар балакатка жеткенде, жоолукту салынууну эптей алганда гана, 7-класска барганда салынса болот» деп айтып жатабыз. Калганы ата-эненин жоопкерчилигинде болот.

— Жыйында мектептерге «дин таануу» сабагын киргизүү маселеси да козголбодубу… Каныкей Жаманкулова президент Садыр Жапаров тарабынан сунушталганын билдирбедиби…

— Ооба, бул маселе көптөн бери эле көтөрүлүп келатат. Мектептерге «дин таануу» сабагы кирсе, жакшы болмок. Себеби, окуучулар ар кайсы агымга кирүүдөн адашпайт эле. Ал сабакта ислам динин гана окутуу эмес, бардык ар кайсы дин сабагы окутулат эле, мисалы, христиан, буддизм дегендей…  Мына, канчалаган кыргыздар адашып башка агымда жүрүшөт. Аягында Сирияга кетип, кайра келе албай жатышат дегендей… Биздин коомдук бирикме экстремизмге (Экстремзм деген– идеологияда жана саясатта чектен чыккан көз караштарды жана аракеттерди колдоочулук — авт.) каршы долбоор жазып, дарс окуп, роликтерди тартып келатабыз.

Садыр ЖАПАРОВ: «Мектепке «Диндерди таануу » сабагын киргизсек жакшы болот. Себеби…»

Президент Садыр Жапаров былтыр журналисттердин жыйынында, мектепке «дин таануу» сабагын киргизүүнү Билим берүү министрлигине сунуштап жатканын билдирген.

Нази БАЯН кызы

P.S. Президент Садыр Жапаровдун мектептерге «дин таануу» сабагын киргизүү боюнча тапшырмасы эмне болгонун Билим берүү министрлигине кайрылып, алардын да жообун беребиз.

 

One thought on “Мектепке «дин таануу» сабагын киргизүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул боюнча президенттин пикири…

  1. Мен Европача жашагым келет, мусулманча жашагым келбейт. Жаратканым балдарымды Исламлан коргой гөр.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.