Улуттук жазуучулар союзу жылдын мыкты китебин жарыялап, сыйлыктарын тапшырды

Улуттук жазуучулар союзу жылдын мыкты китебин жарыялап, сыйлыктарын тапшырды

Улуттук жазуучулар союзу 2021-жылдын мыкты китебин кечээ, 15-январда жарыялап, авторлорго статуэтка жана дипломдорду ыйгарды. Сыйлык ээлерине сыйлыктарын Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков тапшырды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, мындай сыйлык эки жылдан бери уюштурулуп келет.

“Жылдын мыкты китеби” сыйлыгынын статуэткаларын жасатып, демөөрчүлүк кылган Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов.

Былтыркы, 2021-жыл ичинде жарык көргөн китептердин арасынан «Мыкты китеп» деп төмөндөгүлөр табылган:

1. Поэзия сериясы боюнча: Калчоро Көкүловдун “Ыйман ыры” поэтикалык жыйнагы;

2. Проза сериясы боюнча: Аскарали Ражабалиевдин “Мусаапыр” китеби;

3. Котормо сериясы боюнча: Таштанбек Чакиевдин котормосундагы И.Буниндин “Караңгы аллеялар” китеби.

Эрнис АСЕК уулу: «Калчоро байкем жаштык кезимдеги улуу акындардын бири болгон, азыр да ошол бойдон кала берет»

Журналист, котормочу, акын жолдошум Эрнис АСЕК уулу 2013-жылы «Баягы Асаба» гезитин чыгарып, кийинки муунга залкар акындардын ырларын жеткирүү максатта «Айтылып, айтылбай турган акын дүйнөсү» аттуу рубрика ачып, баш сөз жазып, алп акындардын ырларын берип турчу. 2015-жылы Калчоро Көкүлов агабыздын ырларын чыгарып, мындай деп баш сөз жазган:

— Чыныгы акын жөнүндө жазыш кыйын. Жазууга да мүмкүн эмес. Билбегенден кийин билем деп чарпылбаш керек го? Калчоро Көкүлов деген акынды 80-жылдардын аягында туйдук, сездик. Бирок коом сезе алган жок. 19 жаштагы жаным «ушундай акынды эмнеге кыргыздар билбейт?» деп жан алакеттен кетчүмүн. Студент элек, ошол студенттик дүйнөбүздү, сырткы эмес, ички дүйнөбүздү чагылдырган ушул Калчоро акыныбыз болгон. Мен орустарды бир нерсе үчүн гана сыйлайм. Талантты бапестегенди билишет. Биз билбейбиз, көралбайбыз. А Калчоро акын унчукпай өз ырларын жаза берет. Ошондон каниет алам.

Өз оюмду эч кимге таңуулагым келбейт, бирок, Калчоро Көкүлов акынды кыргыздын улуу акындарынын катарына кошот элем. Балким, балким, көбүртүп айтып жаткандарымын, бирок, студент кезде Жыкебиз (Жыргалбек Касаболотов) ырларын жатка айтканда муюп угуп, бир башкача дүйнөгө кабыл болоор элек. Чыныгы акын гана ак-карасына карабай муюта алат болуш керек дейм.

Мен көп акындарды окудум. Болгондо да дүйнөгө дүңгүрөгөн акындарды. А Калчоро байкем менин жаштык кезимдеги улуу акындардын бири болгон, азыр да ошол бойдон кала берет. Таза киши гана таза ырларды жаратат деп ойлойм. А Калчоро байкем өтө таза, жөнөкөй киши. Сыйлыкка умтулбайт, мактанып көкүрөк урбайт. Мындай кишилерди табыш кыйын…

Эрнис АСЕК уулу,

«Баягы Асаба», 2015-жыл

Сыйлык сиздики — сыймык биздики

«Калчоро байкем сыйлыкка умтулбайт, мактанып көкүрөк урбайт» деген байымдын жакшы көргөн акыны Калчоро Көкүловдун сыйлык алганын көргөндө, «жакшы адамдын артынан сыйлык ишинтип өзү эле келет» деп кубанмак экен! Калчоро байке, Ражабалиев Аскарали жана Чакиев Таштанбек мырза сыйлыгыӊыздар кут болсун! Сыйлык сиздердики — сыймык биздики!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.