Элчи Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Эмнеге?

Элчи Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Эмнеге?

Бүгүн, 17-январда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, 2010-жылдын 7-апрелинде Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болуп иштеген Азимбек Бекназаров Башкы прокуратурага суракка чакырылып, 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын аягында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев жана Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов июнь окуясы боюнча Башкы прокуратурага сурак берип чыккан.

Эске сала кетсек, былтыр, апрелде УКМК 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн кызмат адамдарына карата Жазык кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча тергөө ишин кайра баштаганын жарыялаган. «Тергөөнүн жүрүшүндө, 2010-жылдын май-июнь айларында Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагындагы массалык баш аламандыктардын башталышына түрткү болгон себептер жана шарттар иликтенип, ошондой эле кылмышкерлердин аракеттерине акыркы укуктук баа берилет. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана облустук деңгээлдеги жетекчилер каргашалуу окуялардын алдын алуу боюнча тиешелүү чараларды көрүшкөн эмес», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Ак үй эмне дейт?

2021-жылы парламенттик шайлоодон кийин, президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев июнь окуясы, Дача СУ конушуна учактын кыйрашы, “Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу сыяктуу кылмыш иштери боюнча тергөө уланып жатканын, жакында коомчулукка маалым болорун билдирген.

“Аврора” пансионатынын аймагынан кыймылсыз мүлктү улутташтыруудан чыгаруу, 2017-жылы «Манас» аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна учактын кулашы жана 2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу иштерди кайра иликтөөнү президент укук коргоо органдарына тапшырган болчу.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.