Садыр ЖАПАРОВ: «Камчы экөөбүз Мадумаровду колунан жетелеп барып жер бердириппизби?»

Садыр ЖАПАРОВ: «Камчы экөөбүз Мадумаровду колунан жетелеп барып жер бердириппизби?»

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу журналисттерге башкы көзөмөл органы билдирди. Аларын айтымында, ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары экинчи жолу суракка чакыртылган. Мадумаров соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атап келет.

ЖАПАРОВ: «Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи?»

Президент Садыр Жапаров былтыр, октябрда коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атап, Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол «кедергисин тийгизип жатканын» да баса белгилеген.

Ал эми быйыл, жакында эле президент «Вечерний Бишкек» басылмасына кенен маек бергенде ЖК депутаттары Адахан Мадумаров менен Орозайым Нарматованын суракка чакырылышы боюнча айта кетиптир. Анда ал: «Коррупция же башка маселе боюнча элге акыл үйрөтөрдөн мурда, өзүң таза болушуң керек! Өздөрү кылмыш жасап алып, анан эмнеге Камчы экөөбүздү коркутушат?! А эмне, 2009-жылы Адахан Мадумаровду Камчы (УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев тууралуу сөз болууда — авт.) экөөбүз колунан жетелеп барып жер бердириптирбизби? Же 2013-жылы ЖАМУдан Орозайымга Камчы экөөбүз жасалма диплом алып бердикпи? «Колуң менен кылганды мойнун менен тарт» дейт кыргызда». Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаровдун кол койгон протоколу «чыккынчылык«,-дептир.

Нарматованын атасы да суракка чакырылыптыр…

Буга чейин 14-январда Адахан Мадумаров чакырылган. Ошол эле күнү «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын дагы бир депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук комитетине чакырылып, диплому боюнча сурак берип чыккан.

И баса, Орозайым Нарматованын атасы Көчкөнбай Нарматов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка кирип кеткенин “Азаттык” радиосуна билдирген. Анын айтымында, атасы анын диплом маселеси боюнча чакырылган.

Былтыр, 10-сентябрда Ош эл аралык аба бекетинен О.Нарматова кармалып, Бишкекке жеткирилип, ИИМге сурак берген. Андагы маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.