Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбеков коррупцияга шек саналып кармалды

Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбеков коррупцияга шек саналып кармалды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда коррупцияга шек саналып кармалганын УКМК билдирди.

Алардын маалыматына таянсак, Бажы кызматынын жетекчилиги товарларды импорттоого катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын колдоп, аларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Бажылык тариздөө мыйзамы одоно бузулуп, параны системалуу алып туруу үчүн жашыруун схемалар колдонулганы аныкталган. Мындан тышкары, ал Бажы кызматынын жетекчилиги мамлекеттин кызыкчылыгына жашынып жеке баюу максатта тышкы экономикалык ишмердиктин субъектилери үчүн туунду компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашыра баалап турган. Бул фактылар боюнча ага Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Адилет Кубанычбеков Бажы кызматынын төрагасы болуп былтыр, октябрь айында дайындалган. Ага чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болгон.

Былтыр декабрь айында «Азаттыкка» берген маегинде ал Кыргызстандын бажы тармагында аткезчилик токтогонун айткан. 2020-жылы «Азаттык» радиосу жана бир нече эл аралык медианын журналисттери бажыдагы миллиондогон каражатты кымырган схемаларды аныктап чыккан. Иликтөөлөрдө аты аталган Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов камалып, мамлекетке 2 млрд. сом төгүп кайра бошотулган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбеков коррупцияга шек саналып кармалды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.