МАЕК — Нурайым ИМАНАЛИЕВА: «Элмирди баарыбыздан артык көргөн атабыз болду. Жалгыз баласы бардай мамиле кылчу…»

МАЕК — Нурайым ИМАНАЛИЕВА: «Элмирди баарыбыздан артык көргөн атабыз болду. Жалгыз баласы бардай мамиле кылчу…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Акындардын булбулу, асылдардын туйгуну, Кыргыз Эл артисти, төкмө акын, ырчы, обончу Элмирбек Иманалиевдин (Калил уулу) арабызда жоктугуна эки жылга аяк басыптыр. 17-январь — туулган күнү… Көзү тирүү болгондо 44 жашка чыкмак… Жанындай жакшы көргөн инисин ушул күнү телефон чалып куттуктап, жакшы тилектерин айтып, үнүн угуп кубанып калчу бир тууган эжеси Нурайым Иманалиева бүгүн ошол бактылуу күндөрдөн “Элмирим, садагам” деп Элмирбектин элесин издеп, эстеген сайын ыйлайт. Элмирбексиз эки жыл көкүрөктөгү жоктоо дартын эч азайтпаптыр. Телефондон байланышсак, буулугуп көпкө сүйлөй албай, «Элмир тууралуу сүйлөсөм эле эч токтоно албай ыйлайм» деп үнү каргылданып, үч сааттай бир ыйлап, бир сооронуп отуруп, Элмирбектин көз алдында калган өмүр жолунан эскерип берди…

— Нурайым, Элмирбек жан дүйнөсү бир башкача жан эле го, кичинесинен эле өзгөчө бала болгонбу дей берем. Инилүү болгон күн эсиңдеби?

Дайыма жарк этип күлүп, жылмайып, жадырап турчу. Элдин баары эзилип жакшы көрчү…

— Албетте, эсимде. Биз беш бир тууганбыз. Эжелерим Аптакан, Урумкан, мен, Айдарбек, кенжебиз Элмирбек болчу. 44 жыл мурун жарыкка келип баарыбызды бакытка бөлөп кубантып, эрте кетип… Бактыбыз канча бийик болгон болсо, кайгыбыз андан да терең болуп атат да…

Элмир төрөлгөндө мен 7 жашта болчумун… Ал үйдөн төрөлдү… Апамды Анара жана Зулайка чоң апаларым төрөтүштү эле… Алардын «уулдуу болдуң» деп атама сүйүнчүлөшкөндөрү, атамдын бир туугандарым, кошуна-колоң, тууган, жакшы санаалаштар болуп кубанганы эсимде. Көпкө күткөн бала бир башкача таттуу болот экен да… Элмир менден кийинки иним төрөлгөндөн 5 жыл кийин төрөлүп жатпайбы… 61-жылкы эжем анда 17 жашта эле. Ал эжемдин мындай деп эскергени бар: «Элмир уктап калганына карабай моокумум канбай улам жыттап, алдыма алып бомпойгон жылдыздуу жүзүнө тигилип карап отура берчү экем…». Армандуу күн ай, ошол жакшынакай наристе иним тимеле сонун бала болуп чоңоюп, эр жетип, Эл уулу болгон кезде бизди кайгыга салып эрте кетип калбадыбы… 

Кийин ыр да жаза баштады. Аны атам байкап калып, «Балам, эми комуз менен  ырда» деп, комуз сатып берген.

Элмиримдин бактылуу балалыгын айтсам, өзүнчө эле бир чоң чыгарма.

Жараткандан берилген өзгөчөлүк кичинекей наристеде деле байкалат экен да. Элмир кичинесинен эле аны кармалап, муну кармалап, аябай карап кызыгуусу башкача болду. Биздин тамдын алдынан чоң суу агат эле. Ошол жактан бир башкача кооз, сонун таштарды таап алып, көтөрүп келип жыйа берип эшиктин алдын толтуруп салчу. Ал таштардан бирдемелерди жасап өзү менен өзү алышып убара болуп жүрө берчү. Дайыма жарк этип күлүп, жылмайып, жадырап турчу. Элдин баары эзилип жакшы көрчү. Көчөгө чыгып, жолго отуруп алып аксакалдарга, улуу адамдарга учурашканды жакшы көрчү. Эч кимибиз урушчу эмеспиз, урчу эмеспиз, баарыбыз Элмир деп жакшы көрчүбүз. 4 жашында эле тамга таанып, китептерди шар окуп калды. Сүрөт тартканды да жакшы көрчү, ата-энем карандаш, альбом дегенди толтура сатып беришчү. Тарткан сүрөттөрү жыйылып калчу. Кандай сүрөт тартса, ага тема коюп, жанына жомок жазат эле. Баарыбыз баёо балабыз да, анын жомокторун  кызыгып окучубуз. Окуясын окуп жатып, аягына жеткиче чыдамыбыз кетип, эмне болор экен деп сар-санаа болчубуз… Элмирдин чыгармачылыгынын башаты ушинтип кара сөздөн башталган… Кийин ыр да жаза баштады. Аны атам байкап калып, «Балам, комуз менен эми ырда» деп, комуз сатып берди. Асыл инимдин бардык өнөрү балалыктан башталган… 

— Мектепке эрте тамга таанып, эжелебей шар окуп барса, мыкты окуптур да анда?

Сүрөт тартканды да жакшы көрчү, ата-энем карандаш, альбом дегенди толтура сатып беришчү. Тарткан сүрөттөрү жыйылып калчу…

— Жакшы окуду. Ооба, мектепке даяр баргандыктан мугалимдер Элмирди окутуп кыйналышкан жок. 1-класска барганы да эсимде…Мектеп биздин үйдөн алыс эле. Мектепке экинчи эжемдин үйү жакын болчу.  Атам, апам кыйналбасын деп Элмирди ошол эжемдин үйүнө жаткырып окутушту. “Элмирди жакшы кара” деп эжемдикине мени кошо жөнөтүштү. Анда 6 күн окучубуз, үйгө дем алыш күнү гана барчубуз… Элмирдин балалыгы сүйүү менен курчалып, сыйда өттү.

Кантейин, баарын эстеген сайын… «өлөөр бала өзгөчө болот» деген чынбы деп кетем.. айтор, Элмирди бир башкача жакшы көрчүбүз, аны эми… сөз менен жеткире албайм… Элмирди баарыбыздан артык көргөн атабыз болду. Жалгыз эле баласы бардай мамиле кылчу… Атам Элмирдин 10 жашында ооруп калды. 12 жашында ажырады атабыздан…

Атабыздан Элмир 12 жашында ажырады… Ошону менен Элмирдин балалык бактысы бүткөндөй болду…

Ошону менен Элмирдин балалык бактысы бүткөндөй болду… Дегеним атабызды аябай жоктоду… Сагынып, куса болуп ооруду… Болгон бугун ырдан чыгарды. Атабызга арнап толтура ыр жазды. Анын бири бул: 

«Күн батып, кайра таң атып, 

Күкүктөр какшайт жаны ачып. 

Аңкайып турат мүрзөлөр, 

А тигил кырда жанашып.

Атамды абдан сагындым, 

Ал кырды кеткен ары ашып. 

Атаке ай, көпкө оорудуң, 

Апам да жүрдү, биз жүрдүк,

Ажалдан сени талашып. 

Түшүмдөн кетпей элесиң, 

Түңүлтпөй жүрдү бир үмүт. 

Табалбай жүрөк тилинип, 

Чарчадым акыр түңүлүп. 

Акыры эмей эмине, 

Мезгилдер өттү, мезгилдер, 

Мен күтпөйм, эми мени күт!»

Атабыздан 1989-жылы 11-декабрда ажыраганбыз. Бул жылды, атам кеткен күндү Элмир эч эсинен чыгарган жок, үзбөй куран окучу, баарыбызга чалып эскертчү. Бир жолу, аялзаты түйшүгүбүз көп эмеспи, ошолор менен алышып эсимден чыгып калган экен, Элмир эскерткенде аябай уялгам… Бүгүн болсо, Элмиримдин кеткен жылы, күнү ый менен эсте калып, атама Элмирди кошуп куран окуп калдык…

Бизге ата-энебиз туура тарбия берген. Атам темирдей тартип орнотсо, апам жумшак, эч качан балага катуу сүйлөп урган эмес.Бирөөгө жамандык кылба, зыяныңы тийгизбе дешчү. Негизи эле биздин каныбыз да эки жүздүүлүк, саткындык, жалганчылык сыяктуу жаман сапаттар жок. Атам үйдө катуу болгону менен, көчөдө тамашакөй, сөздү жеткире таамай айткан адам эле.

— Элмирбектин өмүрүн кыскарткан эмне болду деп ойлойсуң? Соңку күндөрдө байланышканымда, ооруканадамын деген эле…

— «Жаманы менен жакшысы, агы менен карасы аралаш жүргөн тең дүйнө» деп Элмирдин өзүнүн айтканы бар го… Ал бул сөзү менен эмне айткысы келген дейсиң? Чөйрөнүн, адамдардын жан дүйнөсүн кара сезимдер басып кеткенин айткысы келген… Ар нерсени, жакшыны да, жаманды да жүрөгү менен кабыл алчу… Жан дүйнө, көкүрөктүн сокур болгонуна жаны кейүчү. «Асманда учуп баратып каркыра бузбайт катарын, каркырача болбогон кайран элге капамын» деген ыр сабы бар го… ушул эки сабында аны түйшөлткөн бардык нерсе жатат.

Элмирди үй-бүлөлүк жөнөкөй турмуш анчалык түйшөлтчү эмес. Элдин, улуттун жашоосунун жан дүйнөсүн жанчу да. Мындай сезимтал адамдар «доор өзгөрсө» дейт экен да, муну өзүң деле жакшы билесиң да. Өзгөртүш колдон келбей анан, өз ден соолугуна зыян келтирип алышат экен.

Интернетте досторубуз көп, жашоодо эч кимибиз жок. Мына ушундай…

Жан дүйнө кыйкырыгын «Фейсбукка» да жазып турчу эмес беле. «Соңку кездеги биздин жашоодогу бир чындыктар” деген аталышта 2018-жылы жазды эле, анда ачуу чындык айтылган.

«Биздин имараттарыбыз бийиктеген сайын — сабырыбыз төмөндөп барат.

Жолдорубуз кеңейген сайын — көз караштарыбыз тарып баратат.

Көп коротобуз, көптү сатып алабыз, бирок, коротконубузга нараазыбыз, сатып алганыбызга кубанбайбыз.

Чоң үйлөрдү салабыз, а анда жашагандар аз.
Чоң үйлөр салынган сайын чоң үй-бүлөлөр азайып баратат.

Ата, мезгилдер өттү, мезгилдер,  Мен күтпөйм, эми мени күт!

Жашоону ыңгайлоо менен убарабыз. Ал ыңгайлашкан сайын убакыт да эч нерсеге жетпес болду.

Билимдин күчтүүсүн алабыз, бирок акылыбыз аз иштейт.

Билермандарыбыз көп, андан проблемаларыбыз азайып калган жок.
Медицина өнүккөн сайын ден соолугубуз начарлап барат.

Юмор көп, бирок жылмайган адам аз.

Дааватчылар, молдолор көбөйдү, бирок, адепсиздик андан көбөйүп, ыйман, пейил жок.

Көп уктайбыз, бирок эс албайбыз.

Унааларыбыз тез жүрөт, бирок туугандарга такыр жетпейбиз.

Билимге умтулабыз, бирок баалуулуктарды жоготтук.

Көп сүйлөйбүз, бирок түшүндүрө албайбыз.

Сүйүүнү көп сүйлөйбүз, бирок көп жек көрөбүз.

Туура жолду билебиз, бирок кыйналып жашайбыз.

Өмүргө жылдар кошула берет, бирок ал жылдардын жаны жок, өлүк денедей, агып кете берет.

Космос жөнүндө адашпай сүйлөп бере алабыз. Бирок бир адам менен он жолу телефондошуп, араң табышабыз.

Чоң иштерди сүйлөйбүз, кичине иштерди кыла албайбыз.

Жаратылыштын экологиясы деп кыйкырабыз, жаныбыздын экологиясына кам көрбөйбүз.

Көптү пландайбыз, азга жетебиз.

Шашканды үйрөндүк, бирок күткөндү унуттук.

Интернетте досторубуз көп, жашоодо эч кимибиз жок.

Мына ушундай…»

Элмир жакшыны издеген, жакшыга чакырган өз миссиясын 100 пайыз аткарды, бирок, өзү үчүн эмес, коом үчүн… Элмирим өзүн ойлогондо узак жашамак…  

— Элмирбектей талант, жөндөм кимиңерде бар? 

— Эч кимибизде… Бирок менден башкасынын баары ырдайт… Айылда Сүйүн деген инибиз бар, ал: «Элмир байкем элүүгө чыкканда той өткөрүп берем» дей берчү… Эрте кетип калат деп кимдин оюна келди дейсиң… Алтыным Элмирим ай! Алдыда не бир жакшы тилек, пландарыбыз бар эле да…

 — Сени менен сырдашчу беле? 

Элмир чыгармачылык тууралуу берилип сүйлөгөндө таңдын кантип атканын билбей калчумун… Азыр ошол күндөрдү сагынам…

— Ооба, сырдашчу… Бир курдай,  2007-жыл болчу, уктабай сырдашып таң атырганбыз. Бишкекке жумуштап келип калып, Элмирдин үйүндө жүрүп калдым. Бир күнү аш басып күтсөк — жок… Уктай албай күттүм. Кечки саат ондордо аябай кеч келди…  Муздаткычтагы ашты жылытайын десем, «Жо-ок, өзүм эле кылам баарын, сиз отуруңуз» деп болбой мени отургузуп койду… Ушундай жароокер, боорукер, ыймандуу иним бар эле да… Ошондо казак эл акыны Мукагали Макатаевдин китебин алып чыгып, ырларын окуп берди эле. Ага арнап жазган ыры бар экен, аны окуду, өзүнүн башка ырларын окуп берди, дүйнөлүк адабияттан окугандарын айтып берип, чыгармачылык тууралуу түнү менен сүйлөшүп отурдук… Элмир чыгармачылык тууралуу берилип сүйлөгөндө таңдын кантип атканын билбей калчумун… Азыр ошол күндөрдү сагынам… Сырларын, ырларын, кубанычын, айткан арманын, деги койчу, Элмиримдин болгон жан дүйнөсүн түшүнгөнгө аракет кылчумун… А бирок Элмир өтүп кеткенден кийин анчалык терең түшүнбөгөнүмдү сездим… Көрсө, Элмирдин жан дүйнөсүн түшүнүү үчүн Элмирдей деңгээлде болуш керек экен… Акылман болушум керек экен… Элмирим бийик адам эле да… Ичим ушундай тызылдап ачышат… Керемет сонун бала болуп жарыкка келди да, ошондой жашап, ошол бойдон узап кетти го, күйүткө салып…  Элмирим ай, Элмирим!

— Жогоруда “айткан арманын” дедиң, эмне арман эле? 

Биз беш бир тууганбыз. Эжелерим Аптакан, Урумкан, мен, Айдарбек, кенжебиз Элмирбек болчу…

— Ал арман… сыр бойдон калды, ошол бойдон бизде калсын… Адам чоң жоготууга учураганда, ой басып жашык болуп калат экенсиң. Элмиримди жоктугун эстеген сайын аалам тар болуп, апамдын мээримине зар болуп кетем… Анан кайра ойлойм, биз эле ушунча болуп жатабыз, апабыз эмне болмок деп… Апабыздан 2015-жылы 16-мартта ажыраганбыз… Алтын апам бар эле... Неберелери да «алтын апа» дешчү, ошондон апамдын атын Алтын деп ойлогондор да болгон… Апабыздан ажыраганда кызым 7 жашта эле. Кыздар сүйлөшүп отуруп, кызымды эстеп, карап коеюн деп издеп калдым. Бөлмөлөрдү карасам, төшөктү бетинен бери чүмкөнүп жамынып бирөө жатканынан, кызым го деп ачып карасам, Элмир экен… көзүнөн жашы төгүлүп ыйлап жатыптыр… Эми ойлосом, эл акыны Элмирбекти төшөктүн сыртына калтырып, төшөк ичинде энесинин эрке көкүрөк күчүгү эзилип ыйлап жаткан экен да… Кучактап ыйлаганга апасы жок, же жакын адам таппай… Муну мен Элмир кеткенде сездим, азап башка түшкөндө чындап ар бир адам жапжалгыз экениңди сезет экенсиң.

Элмир көзүнөн жашы төгүлүп ыйлап жатыптыр… Эми ойлосом, эл акыны Элмирбекти төшөктүн сыртына калтырып, энесинин эрке көкүрөк күчүгү эзилип ыйлап жаткан экен да… Кучактап ыйлаганга апасы жок, же жакын адам таппай…

Апам акылман, боорукер, жароокер, анан жашык болчу. «Бирөө өтүп кетиптир» десе эле ыйлай берчү. Эмгекчил, зирек, жомокчу болчу. Адабий китептерди, өзгөчө эпосторду көп окучу. Эпосторду апамдан угуп алып эле сабактан айтып берип беш алчумун. Ырларды да апамдан жаттап алчумун. Окуган нерсеңди бирөөгө айтып берүү да өзүнчө өнөр экен да…

Алтындай болгон ата-энебиз, Элмир тууралуу айтып отурсам, сөз бүтпөйт. Ушул асыл адамдарым тууралуу китеп жаздырсамбы деп ойлоп жүрөм… Эскерүүдөн башка арга да жок, айла да жок… Жоготуу башыңа келгенде гана бирөөнүн кайгысын сезе билет экенсиң, туя билет экенсиң. Ошондуктан мен сенин кайгыңды түшүнөм, Назира. Кандай гана азапта жүрүп атасың… Сенин дагы жараатың бүтөлө элек. Сенин Эрнисиңе да эки жыл болот эмеспи… Элмир барда мен аябай бактылуу элем. Азыр баары башкача, сезимдердин баары өчүп калгандай сезилет. Башкача бир жашоодо жашап жатам. Бирок, жашоо улана берет экен. Бала-бакыраны ойлойт экенсиң. Элмиримди жоготууну жеңе албайм эч качан! Жалп деп өчкөн жан дүйнөмдүн өзгөргөнүн өзүм гана билем. Аны сүрөттөп да бере албайм. Элмирди жоготуу дартымды бир өзүм, анан бир Кудай билет.. Бизден ката кетип калды да, Элмирим ай…

— Кандай ката?..

— Эң чоң катабыз, аны аяганыбыз болду. Кант диабетинен жабыркап жүрдү да акыркы күндөрү. Аны уккан биз оорукчан катары кабыл алып алыппыз, өзү болсо аны кабыл алгысы келген жок. Бир жолу Ошко машина менен чыгармачылык сапарга бара турган болуп калды. Аны аяп, узак жолдо чарчап кыйналбасын деп телефон чалып: «Самолет менен эле учуп келбейсиңби?» дедим, келинчеги Нурзат дагы ушуну эле айткан экен, «Эмне эле мени оорукчан катары кабылдап жатасыңар?» деп капаланыптыр да… 

«Асманда учуп баратып каркыра бузбайт катарын, каркырача болбогон кайран элге капамын» деген ыр сабы бар го… ушул эки сабында аны түйшөлткөн бардык нерсе жатат…

 — Эң жакын досу ким эле? Каза болгондон кийин достору көбөйүп кетти го…

— Достун көп болгону жакшы го. Достору чындап эле көп экенин Элмир кеткенден кийин билдим. Чыгармачылыктагы достору Шекербек, Илимбек, Зайырбек дагы көп эле. Чыгармачылыкка тиешеси жок достору Осмон, Таалай, ушулар көп жылдан бери дос болуп жүргөндөр. Бирок Элмирден дос тууралуу эч сурабаптырмын. Бул темада сүйлөшкөн эмес экенбиз.

«Мен жетпеген сонундарды билемин, 

Мендей эле адамдардан чыкканын. 

Адам досум болооруна ишенем, 

Адам кокус болуп калса душманым» деген ыры бар Элмирдин…

Айзуура, Сезим, Эрулан, Жайдары, Адылхан, Элхан — балдарынын баарын жакшы көрчү. Эң кенжеси 2019-жылы февралда төрөлгөн…

Элмиримдин чыгармачылыктан тыш жөнөкөй тиричилик-жашоосу эми гана башталды эле… Болгону Айзуураны гана турмушка берип үлгүрдү. Аман турганда, Сезимдин тоюн бермекпиз. Айзуура, Сезим, Эрулан, Жайдары, Адылхан, Элхан, балдарынын баарын жакшы көрчү. Эң кенжеси 2019-жылы февралда төрөлгөн… Ушул балдары чыгармачылыгын улантат деп ойлойм. Айзуура менен Сезимдин ырдаганын көрүп жүрөсүңөр. Эрулан комуз чертет. Адылхан, Жайдары да ырдап жүрөт… Ушулардын өмүрү узун болсун! Элмирдин эң чоң иштери алдыда эле. Баарыбыздын ой-тилегибиз быркырап сынып чачылды. Жок дегенде 45ке чыксачы… Арман, арман, арман! Төгүлгөн көз жаштан башка эч нерсе кыла албай калдык… 

«…Ийинибиз тийишип турган менен,
Иңир соруп баратат жалгыз, жалгыз…
Пенде экенбиз кантели өлүп-талып,
Периштесин пейилдин көмүп салдык.
Басып жүргөн боюнча өлүп калдык,
Байкабайбыз ошого көнүп калдык…
» деп Элмирим өзү жазгандай, басып жүрүп эле, бир заматта кете бербедиби…

«Асыл жанды алкымдап,
Ажал келип бууганда:
Айла болбойт эч бир күч —
Алыс айдап куугунга» деп Элмир жазгандай, өмүрүн көз ирмемге да узартуу эч кимибиздин колубуздан келген жок. Бирок, мен чыныгы жашоо бар экенине ишенем! Кудайым ырайым кылып, Элмиримди өз мээримине алып, Бейиштин төрүнөн орун бере көр!

«Мен бармын, болгонмун»

Ар бир сөзүндө Элмирим деп сыздаган Нурайым иниси өтүп кеткенден кийин жан дүйнө кыйкырыгын, жалгыздыкты терең түшүнгөнүн баса белгиледи. Баарынан да инисинин ырларын жатка билгенине,  Элмирбек арабыздан узап кеткен эки жылдан бери анын ырларын социалдык тармактарга тынбай жарыялап келатканына аябай ыраазы болуп, ушундай бир тууганың болгон кандай жакшы деп ичимден  суктанып турдум.
«…көкүрөгүмдө толуп турган кандайдыр бир бук бар. Ал менде дайыма жашап келет. Менимче өлгөндө кошо кетет го дейм…» деп Элмирбек жүрөктөрдү бир селт эттирген саптарда жазгандай, бук, жалгыздык өз башыбыз менен кетет окшойт…
Башат
«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп Эрнисим жазгандай, силер биз үчүн барсыңар. Силерди жакшы көргөн, чыгармачылыгыңарды сыйлаган, адамгерчилигиңерди, баркыңарды билгендердин эскерүүлөрүндө, китептеринде жашайсыңар. Эң башкысы, артыңда эскерип алаарың бар болгону кандай жакшы!
Эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

2 thoughts on “МАЕК — Нурайым ИМАНАЛИЕВА: «Элмирди баарыбыздан артык көргөн атабыз болду. Жалгыз баласы бардай мамиле кылчу…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.