2 метрден жерге түшсө да, сууга түшсө да иштей бере турган боди камералар тапшырылды

2 метрден жерге түшсө да, сууга түшсө да иштей бере турган боди камералар тапшырылды
Министр Улан Ниязбеков ИИМде жаңы ачылган мониторинг жүргүзүү бөлмөсүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы бүгүн, 20-январда билдирди.
ИИМдин имаратында ачылган мониторинг жүргүзүү бөлмөсүнүн презентациясына ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов катышып, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Сталбек Рахманов тарабынан боди камералардын техникалык өзгөчөлүктөрү менен иштөө функциялары практикалык деңгээлде тааныштырылды. Анда ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине боди камералар берилип, алар Бишкек шаарынын эл көп топтолгон базарларына жана райондук соттун имаратына жөнөтүлүп, иштөө өзгөчөлүктөрү практика жүзүндө көрсөтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө, ИИМдин жетекчилигине кызматкерлер боди камералар менен базардын кайсы аймактарында жүргөндүгү, элдер менен сүйлөшүү добуштарынын сапаттары, базалык байланыштын абалы, үн жана видео жазууларынын абалы тааныштырылды. Боди камералардын сапаты мыкты экени бас белгиленип, эки метр бийиктиктен жерге түшсө дагы, айнек идиштеги сууга түшсө дагы иштей берээри айтылды.
Ошондой эле, милициянын көчмө кабылдамалары монитордогу картадан автоунаадагы жылуулук карталары аркылуу республиканын алыскы жана жакынкы аймактарында, кайсы райондорунда жүргөндүгү көрсөтүлүп, көчмө кабылдамасынынын автоунааларына дагы боди камераларды орнотуу мерчемделип жаткандыгы, видеокамералар аркылуу алардын аткарган иштерин көрүүгө болоору жөнүндө маалымат беришти.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.