Алматыда кармалып, сабалып, буту, кабыргасы сынган Сыдыков «Тез жардам» менен келе жатат

Алматыда кармалып, сабалып, буту, кабыргасы сынган Сыдыков «Тез жардам» менен келе жатат

Казакстандын Алматы шаарында башаламандыктарга байланыштуу кармалып, катуу сабалган Чолпонбек Сыдыковду «Тез жардам» кызматынын унаасы менен Бишкекке алынып келе жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов «Азаттыкка» билдирди.

Бегилей кетсек, Казакстандын Алматы шаарында башаламандыктар учурунда кармалып дайыны билинбей жаткан Чолпонбек Сыдыков 11 күндөн кийин табылганын кечээ, 19-январда консул Назарали Арипов билдирген. Ал анын эки буту, кабыргасы сынганын, Бишкекке кетип баратканда Алматынын чыга беришинде атайын операцияга туш келип кармалып калып, суракка алынганын билдирген.

Буга чейин Сыдыковдун жакындары эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбекти казак күч кызматкерлери Алматыдагы башаламандыкка шектүү катары кармап, Кошмамбет айылын көздөй алып кетишкенин жазышкан.

Маалымат боюнча, Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу жалпысынан он кыргызстандык кармалган, алардын баары чыкты. Каза болгондор экөө.

Нурсултан НАЗАРБАЕВ: «Элита арасында эч кандай жаңжал жок»

«Мен 2019-жылы ыйгарым укуктарды президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергем»

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев 18-январда элине кайрылуу жасап, борбор калаада экенин айткан.  «Учурда Казакстандын борборунда эс алуудамын, эч жакка кеткен жокмун. Мен 2019-жылы ыйгарым укуктарды президент Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергем. Ошондон бери пенсиядамын, Токаев толук түрдө бийликке ээ, ал Коопсуздук кеңешинин да төрагасы. Жакында “Нур Отан” партиясынын төрагалыгына да шайланат. Ошондуктан элитанын ичинде эч кандай тирешүү жана карама-каршылык жок. Бул темадагы ушактар негизсиз. Андыктан президенттин жаңы саясий программаларын кубаттап, колдоого чакырам»,-деди. Ошондой эле, Назарбаев  январь окуяларын “атайын уюштурулган башаламандыктар жана чабуулдар” деп атап, ал өлкөнүн бүтүндүгүнө шек кетиргенин баса белгиледи. “Болуп өткөн трагедия баарыбызга сабак болду. Талап-тоноолорду жана киши өлтүрүүлөрдү ким уюштурганын аныкташ керек. Ага тергөө жооп табат”,- деген экс-президент каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Эске сала кетсек, Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227га жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.