Калмаматов туулган күнүндө үй камагына чыгарылды. Аны президент кызматка чакырганбы?

Калмаматов туулган күнүндө үй камагына чыгарылды. Аны президент кызматка чакырганбы?

Бүгүн, 20-январда мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин президент Садыр Жапаров “Вечерний Бишкек” булагына курган маегинде, камактагы Бактыбек Калмаматов жөнүндө дагы суроого жооп берип, аны кызматка чакырганын айтып, бирок, аны “учурда айрым саясатчылар пайдаланып жатканын” баса белгилеген.

Ошентип, экс-депутаттын эркиндикке чыккан күнү —  туулган күнүнө дал келди.

Калмаматов кайсы күнөөсү үчүн камакта отурду?

Бактыбек Калмаматов 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда «Манас» эл аралык аэропортунан кармалган. Аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу» беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган. Биринчи май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралып, 9-февралга чейин абакта калтыруу чечими чыккан.

1984-жылдын 20-январында уулун жарык дүйнөгө алып келген апасы Тилдабүбү Жээнтаева баласынын жалган жалаа менен камакта отурганын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылган:

Президенттик шайлоого катышкан Бактыбек Калмаматов 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес. Буга чейин 2010-жылы «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.