Бажы кызматынын башына Самат Исабеков келди. Ал ушул кызматтан былтыр алынган эле…

Бажы кызматынын башына Самат Исабеков келди. Ал ушул кызматтан былтыр алынган эле…

Бүгүн, 20-январда Самат Исабеков кайрадан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Самат Исабеков былтыр, 7-июнда Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалып, 26-октябрда кызматтан алынган.

Эске сала кетсек, Бажынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда коррупцияга шек саналып кармалганын УКМК билдирген. Толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.