БШК Момбековду талапкер катары каттоодон баш тартып, себебин түшүндүрдү…

БШК Момбековду талапкер катары каттоодон баш тартып, себебин түшүндүрдү…

Бүгүн, 20-январда БШК Рыскелди Момбековду Бишкектеги №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартып, себебин түшүндүрдү. Алардын айтымында, экс-депутаттын диплому жасалма экени негиз болгон.

Белгилей кетсек, бул маселе 2021-жылы парламенттик шайлоодо да көтөрүлгөн. БШК былтыр Р.Момбековду Социал-демократтар партиясынан талапкер катары каттаганы менен кайра аны жокко чыгарган.

УКМКнын айтымында…

Эске сала кетсек, былтыр УКМК Рыскелди Момбеков 2003-жылы КУУдан жасалма диплом алганы аныкталганын, ал диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, экинчи жогорку билимди алганын билдирип, анын биринчи жогорку билими жок болгондуктан, экинчи жогорку билим алганы мыйзамсыз экенин баса белгилеген.

Кызыгы, Момбеков Боршайкомдун чечимин четке кагып, Жогорку сотко арызданып, талапкерлигин кайра калыбына келтирип, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан. Андагы шайлоодо №27 Биринчи май округу жана №29 Свердлов округу боюнча “баарына каршы” деген добуштар эң көп болгондуктан, быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.