БШК Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Нарматова өзү эмне деди?

БШК Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Нарматова өзү эмне деди?

Бүгүн, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Алардын маалыматына караганда, ал дипломду мыйзамсыз алганы негиз болгон. Аларга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлиги билдирген.

Ороайым Нарматова 14-январда УКМКга суракка күбө катары чакырылып, себебин да билдирген. Алар Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлери Нарматовага мыйзамсыз диплом берген. Ошондон улам аларга кылмыш иши козголгон. Тагыраак айтканда, ЖАМУдагы өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок болуп чыккан. Андан тышкары, сессия тапшыруу учурунда Нарматова өлкөдө жок болуп, Орусияда жүргөнү аныкталган.

Эми суроо. БШК буга чейин эмнеге мындай маалыматтарды жакшылап текшеришкен эмес? Эми алар жоопко тартылабы?..

Орозайым Нарматова «Фейсбуктагы» баракчасына: «Абдан күлкүлүү. Биротоло паспортумду деле «мыйзамсыз алган» деп жокко чыгарып коюшпаптыр» деп жазды.

Ушул эле күнү УКМК президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорун жана жарандыгын текшерүүнү тапшырганын, жакын арада текшериле турганын  билдирген. Ал  боюнча толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.