Кыргызпатент кол коюлган меморандумдун максатын билдирди…

Кыргызпатент кол коюлган меморандумдун максатын билдирди…

Бүгүн, 20-январда Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент), И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, «Ками Моторс», «Апар сервис», «Афис», «группа К51» ачык акционердик коомдору кызматташуу тууралуу көп тараптуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Меморандумга кол коюунун максаты — илимий-изилдөөчүлүк, тажрыйбалык-конструктордук иштерди  түзүү, өнүктүрүү жана ишке ашыруу, интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын натыйжаларын өнүктүрүү жана ишке ашыруу.

Тараптар интеллектуалдык менчик жаатында билим берүү программаларын жакшыртуу, биргеликте илимий, кесиптик билим берүү, илим, технология, бизнес түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүнүн инновациялык формасын өнүктүрүү жаатында кызматташат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.