УКМК: «Мамлекеттик кызматкерлердин, ЖК депутаттарынын дипломдору, жарандыгы текшерилет»

УКМК: «Мамлекеттик кызматкерлердин, ЖК депутаттарынын дипломдору, жарандыгы текшерилет»

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдорун жана жарандыгын текшерүүнү тапшырганы тууралуу маалыматты УКМК бүгүн, 20-январда жарыялады.

Алардын маалыматында, акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма дипломдор менен мамлекеттик кызматта иштеп жаткан фактылар көбөйүп, коомчулукта кызуу талкууланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп жатканы баса белгиленген. Текшерүү 24-январда башталаары, ал үч айга созулары жазылган. Мамлекеттик мекеме-министрлик, органдарда иштегендерден сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттарына да тиешелүү болгону айтылат.

Белгилей кетсек, УКМК буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованы диломуна байланыштуу суракка чакырган. Анда эл өкүлүнүн окууга которулушундагы мыйзам бузуулар болгону боюнча маалымат түшкөнү, аны окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген. Ал эми депутат мындай дооматты  четке кагып келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “УКМК: «Мамлекеттик кызматкерлердин, ЖК депутаттарынын дипломдору, жарандыгы текшерилет»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.