Нурбек КУРАЛИЕВ: «3,5 чакырым аралыгына темир-бетон шпалдар орнотулду»

Нурбек КУРАЛИЕВ: «3,5 чакырым аралыгына темир-бетон шпалдар орнотулду»

3,5 чакырым аралыгына темир-бетон шпалдар орнотулду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жол чарба филиалынын жетекчиси Нурбек Куралиев билдирди.

Анын айтымында, поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн «Кыргыз темир жолу» УК» МИ тарабынан рельстерде бир катар ар кандай оңдоо иштери мерчемделип, жүргүзүлүп келет. Мисалы, өткөн жылы темир жолдо күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери жүргүзүлүп, Кант-Ивановка тилкесинин 3811 чм, 3817 чм, 3818 чм, 3819 чм Фоссло бекиткичтери менен эскилиги жеткен жыгач шпалдар темир-бетон шпалдарына алмаштырылган. Аткарылган жумуш 3,5 чм аралыкты камтыган.

Эске сала кетсек, 2021-жылы «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы өз каражатынын эсебинен 20 000 даана темир-бетон шпалдарын сатып алган.

Маалымат үчүн:

Жолдун үстүнкү конструкциясын жаңылоонун алкагында Фоссло бекиткичтери менен темир-бетон шпалдарын төшөө менен темир жолду оңдоонун жаңы ыкмалары киргизилген.  Бул чечим жол инфраструктурасын иштетүү убактысын көбөйтүүгө жана темир жол транспортунун коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.