НИЯЗБЕКОВ: «Милиция кызматкерлери үчүн үйлөрдү курабыз, айлык акыларын көтөрөбүз»

НИЯЗБЕКОВ: «Милиция кызматкерлери үчүн үйлөрдү курабыз, айлык акыларын көтөрөбүз»

ИИМ министри Улан Ниязбеков Бишкек ШИИББнын 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынга катышты. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Улан Ниязбековдун жыйындагы сүйлөгөн сөзү толугу менен төмөндө:

Мен Бишкек шаары боюнча ички иштер органдарынын бир жылда аткарган ишмердигинде кандай жетишкендиктер орун алды, кандай кемчиликтер болду, кайсы көйгөйлөр бар экендигин жакшы билем. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ички иштер органдарынын функцияларына жыл сайын жаңы милдеттер кошулуп жатат. Анын ичинде элге сервистик тейлөө көрсөтүү, коомчулуктун турмуш-тиричилигине терс тасирин тийгизген кылмыштарга каршы күрөшүү, жарандардын үй-бүлөлүк, социалдык абалына кесепетин тийгизген жат көрүнүштөрдү алдын алуу милдеттери аткарылууда.
Заманбап функциялар ишке киргизилген мезгилде Бишкек шаарынан башталып, андан ары белгиленген тартип менен жер-жердеги ички иштер органдарында улантылууда. Жаңы жылдын алдында жаңы форма, жаңы технологиялык каражаттар менен жабдылган “Участкалык инспекторлор”, “Туристтик-экологиялык милиция” кызматтары Бишкек шаарында биринчи жолу ишке киргизилди. Андан тышкары, шаардын аймагында заманбап шарттары бар алты “Милициянын аймактык пункттары” курулуп, имараттар оңдоп-түзөөлөрдөн өткөрүлдү жана башка дагы бир катар жакшы иштер аткарылды.

Бул эмгектердин аркасы менен элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга чоң өбөлгө түзүлөт деп ишенем. Бирок, жетишкендиктер менен бирге кемчиликтер да орун алды. Алар боюнча бул жерде катышып жаткан жетекчилерден жакында болуп өтө турган коллегияда сурайбыз. Эң негизгиси, элди сервистик тейлөөнү күчөтүп, милициянын ачыктыгын, эл үчүн кызмат кылып жаткандыгын көрсөтүп иш алып барыңыздар. “Ким гана болбосун милициянын ишине нааразы болбошу керек” деген принцип менен иш алып баруу ар бир кызматкердин жүрөгүндө болушу керек. Ал үчүн ар бир кызматкер акыйкат таза иштеши зарыл.
Эң негизгиси сиздердин ишиңиздерде ар дайым ийгиликтер жаралышы үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Быйыл милициянын имараттарын курабыз, кызматкерлер үчүн үйлөрдү курабыз, айлык акыларды көтөрөбүз, материалдык-техникалык жактан ар тараптуу колдоолорду күчөтөбүз, санариптештирүүнун жаны этаптарына өтөбүз, биздин милиция заманбап жетишкендиктерден артта калбагандай ишмердүүлүктү колго алабыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.