Орозайым НАРМАТОВА: «Ата-энеме тил тийгизбегиле!». 3 жума гана депутат болгон айымдын бейнеси

Орозайым НАРМАТОВА: «Ата-энеме тил тийгизбегиле!». 3 жума гана депутат болгон айымдын бейнеси
ФОТО: О.Нарматованын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды

Орозайым НАРМАТОВА: «Мандатымды мыйзамсыз тартып алышты!»

Экс-депутат Орозайым Нарматова кечээ мандатынан ажырагандан кийин, «Фейсбуктагы» баракчасына алгач: «Абдан күлкүлүү. Биротоло паспортумду деле «мыйзамсыз алган» деп жокко чыгарып коюшпаптыр…» деп жазган. Бир сааттан кийин: «Ата-энеме тил тийгизбегиле! Алардын пайдасын азыркы бийлик көрүп жатат! Социалдык тармактан менин ата-энемди ар кандай фейк аккаунттар менен каралап жатасыздар, Кудайдан корккула!»,- деп жазып, бир кезде «Мекенчил» партиясынын штабында иштегенде түшкөн сүрөттөрүн жайгаштырды.

Бүгүн (21-январда) болсо «Азаттык» радиосуна мандатын мыйзамсыз тартып алгандарын, ошентсе да, БШКнын чечимин сотко бербестигин, сот адилеттигине ишенбестигин баса белгилеп, мындан ары да куугунтукка, мыйзамсыздыкка каршы активдүү күрөшө берерин билдириптир.

Эске сала кетсек,  Орозайым Нарматованын мандатын БШК кечээ, 20-январдагы отурумунда жокко чыгарган. Алардын айтымында, экс-депутат жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алган, мандатын алууга дал ушул маалымат негиз болгон. Мындай маалыматты аларга УКМК менен Билим берүү жана илим министрлиги берген.

Буга чейин, 14-январда экс-депутат УКМКга суракка күбө катары чакырылган. Аталган комитет Орозайым Нарматованын ЖАМУдагы (Жалал-Абад мамлекеттик университети) өздүк делосунда орто кесиптик билимин тастыктаган документтери жок болуп чыкканын, сессия тапшыруу учурунда ал Кыргызстанда эмес, Орусияда жүргөнү аныкталганын билдирген.

Өмүр баяны

Орозайым Нарматованын өмүр таржымалына учкай токтоло кетсек, ал 28 жашта. 1994-жылы 19-февралда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Дыйкан айылында жарык дүйнөгө келген. Эки кесиптин ээси. Алгач Москвадагы колледжин 2013-жылы аяктап, бухгалтер-экономист кесибине ээ болгон. Андан кийинки кесиби — журналист. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин журналистика факультетин 2017-жылы аяктаган.
Москвадагы «Жаштар коому» коомдук бирикмесин, «Эркиндик» маалымат порталын негиздеген. 2015-2017 —жылдары «Мекенчил» партиясынын теңтөрайымы болуп, анда эки жыл иштеген. Ал ортодо (2016 —жылы) Орусиядагы «Айымдар» коомдук бирикмесинин теңтөрайымы, 2017-жылы «Мен макул эмесмин» кыймылынын активисти болгон.
Былтыр, 2020 —жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен катышкан. 2021 —жылы да ушул эле партия менен парламенттик шайлоого катышып, депутат болгон. 2021-жылы, 29-декабрда (үч жума мурун) парламентте ант берип, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты статусуна ээ болуп, БШКнын жетекчиси Нуржан Шайлдабекованын колунан мандат алган. Тилекке каршы, кечээ мандатынан ажырады.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.