ВИДЕО — ИИМ кыз ала качуу салт эмес, кылмыш экенин эскертип, канча жылга соттолорун билдирди

ВИДЕО — ИИМ кыз ала качуу салт эмес, кылмыш экенин эскертип, канча жылга соттолорун билдирди

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандардан кыз ала качуу жана никеге мажбурлап тургузган окуяларга кайдыгер мамиле кылбай, ички иштер органдарына 102 номуруна кабарлап коюну суранып, кыз ала качуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда басма сөз кызматы билдирди.

Жазык кодексинде каралган кылмыштар, жазалар

172-берене. Никеге туруу максатта ала качса, анда:

1. Никеге туруу үчүн адамды ала качуу беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

173-берене. Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо Бала менен иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

174-берене. Адамды никеге турууга мажбурлоо Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо, же никеге турбастан чогуу жашоого, же мындай чогуу жашоону улантууга мажбурлоо, ошого тете адамдын никеге туруусуна тоскоолдук кылуу 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.