Ырчы Айнура САЛАХИДИНОВА: «Аска зоом кулады! Атакемден айрылдык!»

Ырчы Айнура САЛАХИДИНОВА: «Аска зоом кулады! Атакемден айрылдык!»
Сүрөттө: Бадир байке, Динара эже ырчы кызы Айнура Салахидинова жана неберелери менен.

Ырчы Айнура Салахидинованын атасы Бадир Салахидинов бүгүн, 23-январда көз жумду. Атасынан ажыраган Айнура: «Аска зоом кулады! Атакемдин айрылдык!» деп сыздап жазды, боздоп жазды…

Жакындарынын айтымында, маркумдун сөөгү бүгүн Бишкек шаарынын четиндеги бейитке жерге берилди.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун жубайы Динара эжеге, уул-кыздары: Рустам, Майрамбек, Гүлнара, Айнурага, неберелерине, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт!

Бадир байке, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.