Эки Болоттун кармалышы, учурдагы тергөө ишинин жүрүшү тууралуу министрдин жообу

Эки Болоттун кармалышы, учурдагы тергөө ишинин жүрүшү тууралуу министрдин жообу

Кечээ, 23-январда, эч жакка чыкпоо тилкатынын негизинде бошотулушкан журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго козголгон кылмыш иши, алардын кармалышы жана тергөө жүрүшү тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылып, азырынча төмөндөгүдөй жоопторду алдык. 

— Улан мырза, эки күндөн бери эки Болоттун кармалышы тууралуу айтылып жаткан ар кыл сөздөрдү, божомол-жоромолдорду өзүңүз деле угуп жатасыз да. Анан журналист менен төкмө акынды сиздердин кызматкерлер кармап кетишти. Демек, бардыгы сиздин көзөмөлдө, окуя кайдан, качан башталганын өзүңүздөн угалы?
— Албетте, ар кандай кептерди угуп жатам. Эми, окуя боюнча айтаардан мурун, алгач милициянын милдетин элибиздин эсине сала кетейин. Билесиздер, бизге, ички иштер органдарына ар ким ар кандай арыз, кайрылуу менен жардам сурап кайрылат. Кайрылган ар бир жаранга жардам бергенге, арыз, кайрылуу боюнча тиешелүү чараларды көргөнгө биз милдеттүүбүз. Эки күн мурун бизге арыз түшкөн, ал боюнча маалымат бергенбиз. Арыз менен бизге А.А. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал арызында «Болот» аттуу бир жигит 2021-жылдын 25-октябрынан бери өзүнүн достору менен баңгизат каражаттарын колдонууга ыктап, аны да мажбурлап жатканын, ошондой эле Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсү №55 үйдө жайгашкан кеңседе да баңгизаттарды колдонууга көндүрүү болуп жатканын айтып, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Түшкөн арыз негизинде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүнү колго алдык: Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренесине ылайык (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо жана баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүргүзүлдү. Арызда айтылган даректеги кеңсе журналист Болот Темировго таандык экендиги белгилүү болду. Тинтүү маалында, анын жынсы шымынын арткы чөнтөгүнөн полиэтилен пакети табылып алынган. Экспертизалык изилдөө жыйынтыгына ылайык анын ичиндеги зат 7,77 грамм салмактагы «Гашиш» (кара куурай чайыры) баңги каражаты болуп чыккан. Мындан сырткары, ошол эле күнү Бишкек шаарындагы Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери Болот Назаровду кармашкан. Тинтүү маалында анын жанынан да полиэтилен пакет табылган. Анын ичиндеги зат, экспертизалык изилдөөнүн жыйынтыгында, 14,71 граммды түзгөн «Гашиш» (кара куурай чайыры) баңги каражаты болуп чыккан. Бул факт боюнча, ага Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон . Кылмышка шектүү болуп кармалгандарга жогоруда айткан айыптар коюлуп, бөгөт чарасы сотто каралды, “Эч жакка кетпөө” тил каты алынып, бошотулушту. Свердлов райондук соту экөөнүн кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Учурда тергөө амалдары улантылууда. Тергөөнүн кызыкчылыктарына байланыштуу да жагдайлар бар. Аларды азыр ачыктай албайбыз.
— Айтып бергениңиз боюнча мыйзам чегинен чыккан аракет-чаралар болбоптур. Баары мыйзамдуу кылдык деп жатасыздар. Бирок тактай турган моменттер көп, балким, азыр айтпай жаткан жагдайларды ачыктаганда аларга да жооп аларбыз. Тергөө уланууда деп жатасыз, акыйкат жүрөрүнө ишенсек болобу?
— Мыйзам деген мыйзам, бардыгы мыйзам чегинде болот. Иликтөө, тергөө иштери акыйкат жүргүзүлөт. Коомчулукка таанымал адамдардын арасынан ушундай кылмыштуу жагдайларга шектелгендер болуп калат деп биз деле күткөн эмеспиз. Журналисттер ар дайым бизге ар кандай, ушул эле баңгизаттарга байланыштуу кылмыштар, башка жорук-кылмыштардын алдын алууга жардам берип келишкенин, жардам берип жатышканын баса белгилей кетет элем. Албетте, кабатыр болуп жатканыңыздарды түшүнүп жатам. Журналист Болот Темировго байланыштуу кылмыш иши акыйкат жана мыйзам чегинде тергелет.

Кечиресиз, ошол кесиптешибиз Болот Темировду кармоо учурунда, “жынсы шымынын арткы чөнтөгүнөн полиэтилен пакети табылып алынды” деп сиз айтып жаткан нерсени кеңсеге барып тинткендер салып койгонун көргөндөр бар экен. Андай учурлар болуп келгенин угуп деле жүрөбүз. Сиз кандай дейсиз, болушу мүмкүн эмес деп жокко чыгарасызбы?
— Эми биз имиш менен эмес, факт менен гана иш алып барабыз. Факт деген өжөр нерсе, билесиз. Дагы бир жолу кайталайм, бизге жаран арыз менен кайрылды, биз тиешелүү иш-чараларды жүргүздүк. Жыйынтыгында кылмыштын курамы бар экендиги такталып олтурат. Тиешелүү экспертизалар алынды, тергөө иши акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Ооба, тергөөнүн жүрүшү толугу менен менин көзөмөлүмдө болот. Дагы бир баса белгилеп, кайталап айтып коеюн, жалпы журтка таанымал адамдар арасынан ушундай кылмыштуу жагдайларга шектелгендер болуп калат деп эч күткөн эмеспиз. Коомдун алдыңкы прогрессивдүү, билимдүү азаматтары баңгизаттарды пайдаланып, атүгүл башка жарандарды да мажбурлап жатат дегенди угуу бизди өкүндүрбөй койду дейсиздерби. Бирок экспертиза кашкайтып айтып жатат. Биз учурда кармалган жарандардын баңгизаттарды кайдан жана кимден алышкандыгын, кимдер менен байланыштары болгондугун, кыскасы, баңгизаттарга байланыштуу бардык жагдайларды тыкыр иликтөөнү жүргүзүп жатабыз. Убагында баарын угасыздар.

Буга чейин болгон окуя

Иликтөөчү журналист катары таанылып калган Болот Темировду өткөн ишемби күнү кечинде Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын атайын даярдыктагы кызматкерлери кеңсесин тинтип, “маңзат табылды” деген шек менен кармап кетишкен. Анын иши кечээ Свердлов райондук сотунда каралып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган. Жарандык коом өкүлдөрү укук коргоо органдарынын Темировду “маңзат табылганынан” улам кармашканын “Темировдун ишмердиги” менен гана байланыштырып жатышат. “Чагылган” төкмө акын Болот Назаровдун кармалышына да анын колдогон санаалаштар “көптөн бери бийлик кемчиликтерин сындап айтып, чындык тууралуу ырдаганы гана себепчи” дешет.
Айтмакчы, Бишкек ички иштер башкы башкармалыгынын Болот Темиров менен Болот Назаровго козголгон кылмыш иштери тууралуу жарыялаган биринчи маалыматында мындайча айтылган болчу: «22-январда милицияга жаран арыз менен кайрылып, ал аны Болот аттуу киши достору менен 2021-жылдын 25-октябрында Сухомлинов көчөсү, 52а жана Логвиненко көчөсү, 55 дарегинде баңги затын (гашиш) колдонууга көндүргөнүн айткан. Ошол эле күнү Логвиненко көчөсү, 55 дарегинде жайгашкан кеңседе тинтүү жүрдү. Кеңсе журналист Болот Темировго таандык. Тинтүү учурунда баштык табылып, анын ичинде салмагы 7,79 грамм коюу күрөң түстөгү зат болгон. Экспертизага көрсөтүлгөн справкага ылайык, ал зат гашиш болуп чыккан. Ошол эле күнү Турусбеков жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкерлери тарабынан Болотбек Назаров кармалды. Анын жанынан да баштык табылып, анын ичинде салмагы 14,71 грамм коюу күрөң түстөгү зат болгон. Экспертизага көрсөтүлгөн справкага ылайык, ал зат гашиш болуп чыккан. Болот Назаров менен Болот Темиров кармалып, тергөө изоляторуна киргизилди. Болот Темировго карата «Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө тил каты иретинде бөгөт чарасы тандалды».
Эки Болотту бошотуу боюнча болгон митинг учурунда ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Сапарбек Аманкулов да аларды кармаганга негиз болгон арыз 22-январда келип түшкөнүн, экөө тең бир иш боюнча өтүп жатканын айтып, «Видео камералардын жаздырууларын алдык, эгерде баңгизат каражаттарын колдонуу фактысы тастыкталса, анда жоопкерчиликке тартылат», — деген эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

P.S. Болот Темиров, Болот Назаров, Камчыбек Ташиев жана акындардын айткандарын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.