«Талибандын» жоочулары акцияга чыккандарды куугунтуктап, журналисттерге кол салууда

«Талибандын» жоочулары акцияга чыккандарды куугунтуктап, журналисттерге кол салууда

Өткөн жумада ооганстандык журналистке Кабулдагы үйүндө кол салуу болсо, бул жумада аялдардын укуктарын коргогон акциянын эки катышуучусу камакка алынды. Бул тууралуу «Азаттыктын» ооган кызматы кабарлады.

Заки Каис 20 жыл журналист болуп иштеп, 2021-жылы августта «Талибан» кыймылы Кабулду ээлеп алгандан кийин көз карандысыз Khawar телеканалынан кеткен. 15-январда белгисиз адамдар анын дарбазасын такылдатып, жардам сурашкан. Эшик ачылганда журналистке кол салып, ал оор жаракат алган.

Каистин айтымында, аны белгисиз нерсе менен башына уруп, дарбаза менен моюнун кысууга аракет кылышкан. Белгисиз адамдар журналистке бычак саюу аракетин көргөндө ал дарбазаны кайра жабууга жетишкен.

Каис ага кол салгандарды таанып калган эмес. Бирок буга чейин талибдер жана алардын тарапташтары тарабынан бир нече жолу аңдууга жана кол салууга кабылганын билдирүүдө. Акыркы окуядан кийин журналист үй-бүлөсү менен качып кетүүгө аргасыз болгон.

Бул окуя боюнча «Талибан» кыймылы эч кандай комментарий бере элек.

Ал ортодо Журналисттерди коргоо комитетинин Азия боюнча программаларынын координатору Стивен Батлер «Талибандын» жетекчилигин Заки Каиске кол салуу боюнча тез арада тергөө ишин баштоого жана күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырды.

Буга чейин акыркы айларда жарандардын эркиндигин кеңейтүү талабы менен өткөн акциялардын катышуучулары да кол салууларга кабылып, айрымдары камакка алынган.

Маалыматтарга караганда, 19-январда Тамана Зарьяби Парьяни жана Парвана Ибрагимхель аттуу аялдарды өздөрүн «Талибандын» чалгын кызматынын өкүлдөрү деп тааныштырган адамдар кармап кетишкен. Алар буга чейин бир нече акцияга, анын ичинде 16-январдагы хижабды милдеттүү түрдө кийип жүрүүгө каршы митингге катышкан. Ал акцияны «Талибан» газ чачып тараткан.

Парьяни менен Ибрагимхелдин тагдыры тууралуу азыр түрдүү маалыматтар болууда: айрым ооган басылмалары алар бошотулганын кабарласа, башкалары алардын кайсыл жерде экени белгисиз болуп жатканын билдирүүдө. Айрым маалыматтар боюнча Парьянинин үч сиңдиси да камакка алынган.

«Талибан» кыймылы былтыр августта бийликке келгенден кийин адамдардын өз оюн эркин билдирүүсүнө уруксат берилерин, бирок алар ислам принциптери менен улуттук кызыкчылыктарга каршы келбеши керектигин жарыялаган.

Бирок милдеттүү түрдө хижаб кийип жүрүү, аялдардын эркек жакынынын коштоосусуз коомдук жайларга чыгуусуна, кыздардын билим алуусуна тыюу салуу сыяктуу аялдар менен кыздарга карата чектөө чараларын киргизүүгө каршы акция катышуучуларына талибдер көбүнчө зомбулук менен жооп берип келет.

Ооганстанда өткөн жылдын август айынан бери ондогон басылмалар жабылып, ар бир он журналисттин сегизи башка жумуш издөөгө аргасыз болгон. Калган журналисттер басымдын алдында жана өзүн-өзү чектөө шартында иштеп жатышканы айтылып келет.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.