Майрам Акаева 17 жылдан кийин Кыргызстанга келди. Эртең апасын акыркы сапарга узатат

Майрам Акаева 17 жылдан кийин Кыргызстанга келди. Эртең апасын акыркы сапарга узатат

Бүгүн, 25-январда Майрам Акаева  Кыргызстанга келгенин «АкиПРЕСС» жеке булактарына таянып жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, Майрам Акаева 104 жаштагы апасын (сөөгү 26-январда жерге берилет) акыркы сапарга узатууга келген.

Белгилей кетсек, Майрам Акаева Кыргызстанга 17 жылдан кийин келди. Ал эми жолдошу, мурдагы президент Аскар Акаев былтыр, 2021-жылы 16 жылдан кийин Кыргызстанга келген. Андан кийин да келип кетти. Эки жолу тең «Кумтөр ишине» байланыштуу сурак бергени келген.

Эске сала кетсек, Аскар Акаев 1990-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстанды башкарган. 2005-жылы, 24-марттагы революциядан кийин, өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери үй-бүлөсү менен Орусияда жашап келет. Тилекке каршы, уулу Айдардан 2020-жылдын 6-февралында айрылып калган. 43 жаштагы Айдар Акаев Москвада каза болуп, сөөгү ошол жакка коюлган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.