ЖАПАРОВ: «Борбор Азия Энергошакекчеден чыгып, өзүбүздүн электр энергиябызды пайдалана баштадык»

ЖАПАРОВ: «Борбор Азия Энергошакекчеден чыгып, өзүбүздүн электр энергиябызды пайдалана баштадык»

Бүгүн, 25-январда, түшкү саат 12де электр энергиясы Кыргызстандын бир топ аймактарында 3 саатка өчтү. Бул боюнча Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы Борбор Азия боюнча жарык өчкөнүн билдирди. Ошондой эле, Казакстан менен Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти.

Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчедеги аварияга байланыштуу түзүлгөн кырдаал боюнча Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат берди. Министрдин айтымында, 25-январда Кыргызстандын 50% жарыксыз калып, саат 16.00гө карата 60% калыбына келтирилди. “Учурда Кыргызстанда жарым-жартылай электр энергиясы берилип, калган аймактарды электр энергиясы менен камсыздоо аракети жүрүп жатат. Азырынча авария эмнеден улам болгону тактала элек. Шакекчеге кирген кошуна өлкөлөр менен чогуу иштешип жатабыз. Биз пайдаланып жаткан бирдиктүү энергетика системасында мындай абал биринчи жолу жаралды”,-деди энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, өлкөнү жүз пайыз электр энергиясы менен камсыздоо иши баскыч-баскычы менен жүрүп жатат. «2-3 саатта баары калыбына келет деп турабыз. Мурдагы кырсыктардан сабак алып, ар кандай абалга даяр болгонбуз. Ошол учурдагы алган сабактарыбыздан улам, кыска убакытта элге электрди жеткирип абалдан чыга алдык. Борбор Азия Энергошакекчеден чыгып, өзүбүздүн электр энергиябызды пайдалана баштадык”,- деди

Эске сала кетсек, 2013-жылы, 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калган. Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.