Чүй облусундагы Дөң-Арык айылынын тургундары милициядан эмнени суранышты?

Чүй облусундагы Дөң-Арык айылынын тургундары милициядан эмнени суранышты?
Чүй райондук милициясы жарандарга уурулукту алдын алуу боюнча коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүштү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, Чүй райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен тыгыз кызматташып, кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишүүдө.
Бүгүн, 26-январда Чүй райондук милициясынын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги Асылбек Назаралиев Бурана айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Арык айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолукту. Жолугушууга Чүй райондук администрациясынын кызматкерлери жана Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы Акылбек Оскенов катышты.
Жолугушууда Асылбек Назаралиев жашоочуларга малдарын түн ичинде кароосуз калтырбоого, талааларга таштап койбоо керектигин эскертип, коопсуздук эрежелерин туура сактоого чакырды.
Ал эми тартип сакчылары учурдагы санитардык-эпидемиологиялык абал боюнча кеңири маалымат берип, аралыкты сактап, беткап кийүүнү жана соода-сатык түйүндөрүндө, дарыканаларда контролдук-кассалык аппараттарды коюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Аягында мал уурулугун алдын алуу үчүн Чүй райондук милициясы тарабынан даярдалган буклеттер таратылды. Жашоочулар аларга ыраазычылык билдирип, мындан ары дагы ушундай жолугушууларды өткөрүп турууну суранышты.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.