Камчыбек Узакбаев «Айкүр» федерациясынын президенти болуп шайланды

Камчыбек Узакбаев «Айкүр» федерациясынын президенти болуп шайланды

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору болуп көп жыл эмгектенген, медицина илиминин доктору, профессор, эмгек сиңирген врач Узакбаев Камчыбек Аскарбекович Айкүр» федерациясынын президенти болуп бүгүн, 26-январда шайланды. Бул тууралуу «Айкүр» федерациясынын вице-президенти Искендер Кожокеев билдирди.

Искендер Кожокеевдин айтымында, «Айкүр» жана «Ордо» федерациясы бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, 2022-2025-жылдар аралыгында чүкө, ордо улукттук оюндарын өнүктүрүү боюнча иш пландарын талкуулашкан. Аягында «Айкүр» федерациясына жаңы президент шайлашкан. Бул кызматка Камчыбек Узакбаевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, бир добуштан шайланган. Камчыбек Аскарбекович «Айкүр», «Ордо» федерацияларына ыраазычылык билдирип, улуттук оюндарды көтөрүүгө чоң салым кошоорун баса белгилеген.

Камчыбек Узакбаевдин баскан жолу

Камчыбек Аскарбековичтин өмүр таржымалына токтоло кетсек, ал 1957-жылы 6-январда Талас облусундагы Талас районуна караштуу Шумкар-Уя айылында туулган. Жогорку билимдүү. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун (КММИ) аяктаган. Кесиби — врач-хирург. Эмгек жолун Кыргызстан туберкулёз ИИИде илимий жана улук илимий кызматкер болуп баштаган. Ал жерде 1979-жылдан 1987-жылган чейин иштеген. Андан кийин Бишкек шаардык № 3 балдар клиникалык ооруканада башкы врачтын орун басары (1987-90); Республикалык балдар клиникалык ооруканасынын башкы врачы (1990-2004). Улуттук педиатрия жана балдар хирургиясы борборунун директору (2004-2008) болуп эмгектенген. 2008-жылдан 2021-жылга чейин, КРдин саламаттык сактоо министрлигинин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору болуп иштеген. Мындан тышкары, КРдин балдар хирургдар ассоциациясынын президенти. КМШ өлкөлөрүнүн педиатрлар федерациясынын вице-президенти; түрк тилдүү мамлекеттердин педиатрларынын ассодиациясынын вице-президенти болгон.

Балдар хирургиясы боюнча адис. 32ден ашык илимий эмгеги, алардын ичинен бир монография, беш ойлоп табуусу жарык көргөн.

Элмира ЖУМАЛИЕВА: «Өмүрүңдү кесибиңе арнадың, Сен элиңе эмгегиңден бааландың»

Үй-булөлүү. Жубайы экс-депутат Элмира Жумалиева. Ыр жазат. Жолдошуна арнаган ыры бар.

Жолдошум врач! Узакбаев Камчыбекке

Өз элиңде журт атасы аталдың,
Көрсөң дагы кесибиңдин катаалын.
Өз колуңдан айыктырып далайды,
Алдын элдин, балдардын да батасын.

Оор азапка кайыл болдуң сандаган,
Жан дүйнөңдү наристеге арнаган.
Кулак төшөп эмне болуп кетет деп,
Бул жашоодо аны ойлогон бир адам.

Ак ниеттен кесибиңди аркалап,
Сендей адам турмушта бир жаралат.
Өмүрлөргө өмүр улап жашоодо,
Өзүңдү да аябадың ар убак.

Өтүп жатты билинбестен өмүрүң,
Кээде ачык, кээде бүркөк көңүлүң.
Өмүрүңдү кесибиңе арнадың,
Сен элиңе эмгегиңден бааландың.

Мынакей, окурман! Элмира айым жазгандай, Камчыбек Аскарбекович өмүрүн кесибине арнады. Эл эмгегин баалап, батасын берип келет. Учурда улуттук оюндарын өнүктүрүүгө бел байлаган профессор Камчыбек мырзага  ийгилик каалайбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Камчыбек Узакбаев «Айкүр» федерациясынын президенти болуп шайланды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.