Өкмөт COVID-19дун толкунуна даярдык көрүүдө. Акылбек Жапаров кандай тапшырма берди?

Өкмөт COVID-19дун толкунуна даярдык көрүүдө. Акылбек Жапаров кандай тапшырма берди?

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык мекемелерди COVID-19 вирусунун кескин жайылуу ыктымалына даярданууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт зарыл болгон учурда дарылоо мекемелеринде кошумча орундарды ыкчам ачуу, суюк кычкылтек станцияларын ишке киргизүү маселесин чечүүнү тездетүү сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Министрлер кабинети өлкөдөн дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айга убактылуу тыюу салды. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарандарды вирус жуктуруп алуудан алыс болуп, оорудан сактанууга чакырды.

Бүгүн, 26-январдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус 370 адамдан аныкталган. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары, – 245 киши. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан акыркы суткада дагы төрт бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 196 миңден ашты, 2858 бейтап каза болду.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги ай башында коронавирустун «омикрон» штаммы катталып, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын билдирген. Оору кескин көбөйгөндүктөн Бишкек «кызыл зонага» кирип, бир катар билим берүү мекемелери онлайн форматта окууга өткөн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.