Улан Ниязбеков Сулейман Сойлуга эки жолу ыраазычылык билдирди. Эмнеге?

Улан Ниязбеков Сулейман Сойлуга эки жолу ыраазычылык билдирди. Эмнеге?

Бүгүн, 26-январда Ички иштер министр Улан Ниязбеков Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен өз ара кызматташуу боюнча онлайн форматта сүйлөштү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, эки мамлекеттин министри коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулукка каршы курөшүүнүн заманбап форматтары, санариптештирүүнүн учурдун талаптарына ылайык ийгиликтери боюнча сөз кылып, өз ара кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча приоритеттүү, максаттуу багыттарды талкуулашкан. Ошондой эле, алар жарандардын коопсуздугун, укуктарын жогорку деңгээлде камсыздоодо, укук бузууларды алдын алууда, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы иш алып барууда жана заманбап техникалык каражаттарды колдонууда өз ара тажрыйба алмашуу багытында иштерди күчөтүү керектигин баса белгилешкен.

Сүрөттө: Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу

Улан Ниязбеков былтыр, октябрь айында Стамбул шаарында болгон жолугушуунун жыйынтыгы менен коомдук коопсуздукту сактоого багытталган санариптик техникалык каражаттар Кыргызстанга келгенин, ошол техникаларды колдонуу боюнча кызматкерлерге үйрөтүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтып, кесиптик чеберчиликти жогорулатууга кошкон салымдары үчүн ыраазычылыгын билдирген. «Түркия полициясынын адистери Бишкек шаарына келишип, биздин кызматкерлерге кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүп, окутууларды, үйрөтүүлөрдү жүргүзүштү. 100гө жакын кызматкерибиз кыска мөөнөттүн ичинде алдыңкы тажрыйбаларды топтошуп, өздөрүнүн ишмердигинде пайдаланууда. Учурда Түркия полициясынын мыкты адистери коомдук тартипти сактоонун заманбап методдору боюнча окуу-семинарларды өткөрүүдө. Ошондой эле тажрыйба алмашуу максатында биздин кызматкерлерди Түркияга жиберүү маселеси да колдоого алынууда”,- деген Улан Ниязбеков Түркия тараптан көрсөтүлүп жаткан жардамы, колдоосу үчүн ИИМдин өздүк курамынын жана жеке өзүнүн атынан терең ыраазычылык билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.