ВИДЕО — БЕКЕШЕВ: «Журналисттердин жеке жашоосун тасмага тартып, тараткан деңгээлге түшпөсөк…»

ВИДЕО — БЕКЕШЕВ: «Журналисттердин жеке жашоосун тасмага тартып, тараткан деңгээлге түшпөсөк…»

Эл өкүлү Дастан Бекешев бүгүнкү, 26-январдагы парламенттин жалпы жыйынында журналисттин иликтөөсүнө маданияттуу мамиле кылуу керектигин айтты. «Журналисттер иликтөө кылганда, туурабы, туура эмеспи, жалганбы, ага жооп бериш керек. Пресс-конференция уюштурабы, пресс-релиз аркылуубу анын ар кандай жолу бар. Бирок журналисттерге басым жасап, анын жеке жашоосун тартып, ал видеону чыгарып… Эми ушундай деңгээлге түшпөсөк… Чындыгында УКМК өзү эле уят болуп жатат. УКМКга, Башкы прокуратурага айтат элем, цивилдүү, маданияттуу метод менен жооп берсеңер«, — деди Бекешев.

Эске сала кетсек, 22-январда журналист Болот Темиров жана аны менен иштеген төкмө акын Болот Назаровду милиция кармап кеткен. Эртеси, 23-январда журналисттер, активисттер, акындар тынчтык митингге чыгып, аларды бошотууну талап кылышкан. Ошол күнү эки Болот үй камагына чыгарылган. ИИМдин айтымында, алар «баңгизат саткан жана аны мыйзамсыз даярдаган» деп айыпталууда. Мындай айыптарды алар четке кагууда. Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев да ошол эле күнү журналисттерге жыйын өткөрүп, алар тууралуу маалымат берген.

Жогорудагы маалыматтардан көп өтпөй эки Болот тууралуу социалдык тармакта жашыруун жаздырылган аудио, видеолор тарап, коомчулукта кызуу талкууланууда. Бул маселе боюнча ИИМ иликтеп жатканын ММКга бүгүн, 26-январда билдирди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.