Жарандык активисттер президентке кат жолдоп, Ташиев менен Ниязбековду кызматтан алууну талап кылышты!

Жарандык активисттер президентке кат жолдоп, Ташиев менен Ниязбековду кызматтан алууну талап кылышты!

Бүгүн, 27-январда жарандык активисттер, медиа өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго кайрылуу кат жолдоду. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Ички иштер министри Уланбек Ниязбековду кызматтан алып, кылмыш жообуна тартууну талап кылынганы жазылган. Кайрылууну толугу менен төмөндөн окуй аласыздар!        

Кыргыз Республикасынын Президенти
Садыр ЖАПАРОВго
КАЙРЫЛУУ
Эгер баамдап жатсаңыз социалдык тармактарда кадимки жарандык согуш жүрүп жатат. Эгер ал реалдуу жашоого чыгып кетсе, кесепеттери үчүн толук жоопкерчилик тартуучу бир гана сиз, урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Президент!
Кыргыз элине өзүңүз таңуулаган Баш мыйзамда сиздин макамыңыз, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили деп бекитилген.
Сиз кыргыз элине ант берип, анда биздин укуктарыбызды урматтоого, коргоого жана камсыз кылууга, Президенттин жогорку милдеттерин ар-намыс менен аткарууга убада бергенсиз. Ушуга байланыштуу, Президенттин антын бузуу, импичмент процедурасын козгоого негиз болоорун сизге эскерте кетели.
Сиз өз колуңузга чексиз ыйгарым укуктарды топтодуңуз, сиз иш жүзүндө мамлекетти жалгыз башкарасыз, бардык кадрдык маселелерди сиз чечесиз, демек, сиз тараптан дайындалган жогорку кызматтагы адамдардын ишмердүүлүгү үчүн толук жооптуусуз.
Конституциянын 29-беренесине ылайык адамдын ар-намысы абсолюттук жана кол тийгис болуп саналат. Бирок, биздин ар-намысыбызды УКМКнын жана ИИМдин жетекчилери ачык эле тепсеп, Конституцияда кепилденген жеке турмуштун, купуя маалыматтын кол тийгистигин, сүйлөшүүлөрдүн жана кабарлашуулардын купуялуулугун сактоо укугун, жеке жашоосу жөнүндө маалыматтарды мыйзамсыз чогултуудан жана таратуудан коргоо укугун одоно бузуп, жарандарды көз көрүнөө эле кордоп жатышат.
Камчыбек Ташиев менен Улан Ниязбековду токтоосуз кызматтан алууну жана аларлы мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликке тартууну талап кылабыз!
Ошол себептен, Камчыбек Ташиев менен Улан Ниязбековду токтоосуз кызматтан алууну жана аларлы мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликке тартууну талап кылабыз! Анткени, алар өздөрүнүн түз милдеттерин аткаруунун ордуна, жарандардын коопсуздугун жана укук тартибин камсыз кылуу үчүн мамлекет тарабынан берилген ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кыянаттык менен пайдаланып, журналисттердин, оппозициялык саясатчылардын, жарандык активисттердин жеке жашоосуна толук көзөмөлдү орнотуп алууну максаттап алышкан.
Уруксатсыз тыңшоо, батирлерде жана кеңселерде жашыруун видеокамераларды орнотуу, сырттан байкоо жүргүзүү жана башка өтө ыплас ыкмалар менен алынган маалыматтарды өз кызыкчылыктарында бурмалоо менен калың элге жарыялоо көнүмүш адатка айланды. Коопсуздук жана укук коргоо органдарынын мындай иш-аракеттери жалпы эл үчүн да, ар бир жаран үчүн да кооптуу экенин түшүнөсүз деп ишенебиз.
Кара өзгөйлүк, уятсыздык, ыпластык – бүгүн прогрессивдүү коом УКМК менен ИИМдин кылыктарын мына ушинтип гана мүнөздөйт. Укук коргоо жана улуттук коопсуздук органдары толук дискредитацияланды. Мамлекетибиздин кадыр-баркына жана анын жетекчиси катары сиздин аброюңузга орду толгус зыян келтирилди.
Улан Ниязбеков менен Камчыбек Ташиев сиздин жеке чөйрөңүзгө жакын адамдар болгондуктан, сиздин кайдыгерлигиңиз алардын ыплас иштерине көз жумууже колдоо катары бааланышы мүмкүн.
Ал эми Камчыбек Ташиев менен Улан Ниязбеков сиздин жеке чөйрөңүзгө жакын адамдар болгондуктан, сиздин кайдыгерлигиңиз алардын ыплас иштерине көз жумуу же колдоо катары бааланышы мүмкүн.
Демократиялык, укуктук мамлекеттин Президенти катары адамдын жана коомдун эркиндигине кысым көрсөтүүлөр, ачык-айкын террористтик ыкмаларды пайдануулар боюнча реакция кылууга жана чара көрүүгө милдетүүсүз.
Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары, сизден, мамлекет башчыбыздан, Конституциянын гаранты катары биздин укуктарыбызды кепилдөөнү жана Баш Мыйзамдын 29-беренесинин жоболорун кынтыксыз сакталышын камсыз кылууну кескин түрдө талап кылабыз.
Элдин ынтымагын камсыз кылуу милдетин өз мойнуңузга алып, бирок унчукпастан байкап, айрым учурларда билдирүүлөрүңүз менен коомду «тигилер-булар» деп, ажырымга, бүлүк салууга, чыр-чатакка үндөп жатасыз.
Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары, сизден, мамлекет башчыбыздан, Конституциянын гаранты катары биздин укуктарыбызды кепилдөөнү жана Баш Мыйзамдын 29-беренесинин жоболорун кынтыксыз сакталышын камсыз кылууну кескин түрдө талап кылабыз.
Ал эми эл башчысы, лидердин ыйык максаты — бул бириктирүү экенин кызыл чийин менен белгилеп айтабыз!
Сиздин макулдугуңуз менен, балким түздөн-түз көрсөтмөңүз менен администрацияңыздын жогорку кызмат ээлери, кадыр-барктуу жарандарга ар кандай жаман аттарды жабыштырып да жүрүшөт.
Эгер баамдап жатсаңыз социалдык тармактарда кадимки жарандык согуш жүрүп жатат, эгер ал реалдуу жашоого чыгып кетсе, кесепеттери үчүн толук жоопкерчилик тартуучу бир гана сиз, урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Президент! Кастыкка үндөгөндүн ордуна, элди сабырдуулукка чакыргыла! Мындан ары минтип жашоо мүмкүн эмес! Учурдагы тирешүү олуттуу конфликттерге, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын жоготуу коркунучуна алып келиши мүмкүн. Сиздин колуңуздагы бийлик — ЖАРАТУУ, ЫНТЫМЫК ЖАНА ТИЛЕКТЕШТИК болгондо гана баалуу болот!
Сооронкулова Клара, Журабаева Гүлнара, Карасартова Рита, Токтакунов Нурбек, Аксенова Инна, Мухаметалиев Изат, Мусуралиев Марат, Насыкулов Урмат, Бейшенбаева Жамиля, Керкибашева Нуржамал, Сыдыгалиева Фатима, Чекиров Эрлан, Назаркулов Айбек, Усманалиева Бурул, Нанакеева Наргиза, Тулегенов Марс, Валиева Тамара, Турдалиева Чынар, Темирчиева Гладис, Конокбаев Нурдин, Суранова Перизат, Жакупова Чолпон, Токтогазиева Сания, Сатыбалдиева Бермет, Сакиев Эркин, Оторбаева Асел, Суйюндуева Аида, Абыкеримова Нургүл, Акматова Венера, Даир кызы Жамиля, Ажибеков Максат, Касмалиева Алина.

Эки Болоттун чуусу…

Эске сала кетсек, журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 22-январдын кечинде кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары кармалган. Журналисттер жана активисттер алардын мындай дооматын четке кагып, эртеси 23-январда ИИМдин алдына чогулуп, аларды бошотуу талап кылышкан. Эки Болот үй камагына чыккан.

Андан кийин Темиров жана анын командасында иштегендердин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор тараган. Коомчулукта аны туура эмес көрүп, «адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү», «ыплас ыкма», «журналисттерди коркутуу» деп кабылдап, УКМК менен ИИМди сынга алышкан. Бул видеолордун артында атайын кызмат, укук коргоо органдары турат деген да пикирлер бар.

УКМК: «Журналист менен төкмө акын тууралуу видеолорго тиешебиз жок»

​УКМК бул видеолорго атайын кызматтын тиешеси жок экендиги тууралуу кечээ маалымат жарыялаган. Анда УКМК иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалышы жана жеке жашоосуна байланыштуу видеотасмалардын тарашына эч кандай тиешеси жок экендиги баса белгиленген. “Кээ бир кызыкдар тараптар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен күнөөлөп, «катуу сөздөрдү, эпитеттерди» айтып, ошону менен коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат”, — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай чагымчыл аракеттерге алдырбоого, кандайдыр бир суроо жаралса, мекемеге кайрылууга чакырган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.