Эрнис АСЕК уулу. МОРГ

Эрнис АСЕК уулу. МОРГ

Эсен болуп, эстей жүр!

«Мен үчүн өтө оор күн. Жымжырттык күнү. Сөз жок күн» деп Эрнис жанындай жакшы көргөн агасын жоктоп жазып да, айтып да калчу эле… Эми мен ошентип айтып калдым.
2020-жыл. 29-январь. Жолдошум Эрнис АСЕК уулунан ажырап калган күн. Эки жыл мени менен кошо эскерген жакшы адамдар көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилди жана эскерилүүдө… Мелис агабыздан ажыраганыбызга 11 жыл болсо, Эрниске эки жыл болуптур… Мелис байкебиз 60 жашка, Эрнис 52 жашка чыкмак…

Эрнистин аты аталган жерде Мелис байкенин ысымы аталып, Мелис байкенин аты аталган жерде “Асаба” айтылып келет. Эки гений ага-инини эскерип, жараланган жүрөккө жылуу сөз тартуулаган жакшы адамдарга ыраазычылык билдирем!
Эрнис АСЕК улуунун жазгандарын окуганды сагындыңарбы? Бүгүн кечке эскеребиз. Архивде сакталгандардан, сыр сандыктагы кол жазмаларынан жана эскерүүлөрдү беребиз...

Акыркы күнү Эрнис Мелис байкебизди көп айтып, «Ала-Арча» көрүстөнүндөгү бейитинен чыкпай калган. Ал жакка жалгыз барганды жактырчу. Бир жолкусунда, 15-сентябрда кайын эжем Нурила эже болуп чогуу бардык. Үйгө жөө келатканыбызда морг тууралуу «Асаба» гезитине жазганын айтып берди эле. Ошону эстеп, китепканага барып, архивден таптым. Өлүккана. Өлүм тууралуу 23 жашында жазыптыр… Өзү жазгандай, ой секирет, ой секирет…

Назира СААЛИЕВА

АРХИВден…

Эрнис АСЕК уулу: «Сойдурбагыла!»деп чыӊырган апамдын сөздөрүн эстейм»

Өлүм…. Үн жок, сөз жок. Үшкүргөнгө ал келбейт. Ыйлаганга күч жетпейт. Өлүкканада жаткан атакемди эстейм. «Сойдурбагыла!» Сойдурбагыла!»деп чыӊырган апамдын сөздөрүн эстейм. Кирпик каккыча ой секирет, ой секирет…

Медициналык окуу жайдын кайсы бир имаратынын арт жагындагы подвалдын муздак тактайында өткөн-кеткени да, келечеги да БҮГҮН деген сырдуу сөзгө жуурулушуп, сырттагы кайнаган турмуш менен иши жок өлук дене жатты. Көк халатчан жигиттер аны кийинтип киришти. «Ээси келиптир». Эми аны жер алдына коюп, чыныгы ээсине беришет… Подвалдын сыртында китеп кучактаган студенттер отурушат. Кире беришинде котологон эл. Ый… Күлкү. Көздөр. Тирүү көздөр. Көз жашка толгон, арманга толгон көздөр. Кыргыздын бир үй-бүлөсү жүрөт. Кара жоолук салынган орустун кемпилерди жүрөт. Арасында мен жүрөм. Ар жакта бир орус жигит ойлуу отурат… Кирпик каккыча ой секирет, ой секирет.

Өлүм… «Өлүм деген эмне?» деп Кун Фу Зыдан шакирти сураптыр. Анда акылман: «Өмүрдүн эмне экенин билбей туруп, өлүмдүн эмне экенин кайдан белебиз»,-деген экен. Өлүм… Өмүр… Учкундар «жарк» этет, ушул саптар «жылт» этет. БҮГҮН деген сырдуу сөздүн койнунда адашып барат, бул Өлүм! БҮГҮН деген улуу сөздүн койнунда чаташып барат, бул Өмүр. Үн жок, сөз жок… «Өлүм баарыбызда теңейт» күбүрөнөт кемпир. «Все же, отнесись к своей смерти с некоторой серьезностью» дейт Ричард Бах.

Абышка бир айдан бери ооруканада жатып жан берди. Кызды машине коюп кетип он гүлүнүн  бири ачыла электе көзүн жумду. Сомодой жигит досу менен арак ичип олтуруп, урушуп кеттти да, балта менен башка жеп каза тапты. 19 жаштагы улан аскерде жүрүп, өчөшкөн бирөөдөн окко учту. Өз жанын өзү кыйды, бирөө тогузунчу кабаттан боюн жерге таштады. Эч бир жакыны жок, көчөнүн ар кайсы бурчунда жан сактап жүргөн селсаяктын да ажылы келди… Баардыгынын сөөгү Бишкектин бир өлүкканасына алып келишет.

Республикалык сот-медицианалык экспертиза бюросунун начальниги, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин башкы сот-медициналык эксперти, ушул өлүккана үчүн керт башы менен жооп берген Давлеталиев Салкынбек Рыскулбековичтин маңдайында олтурдум. Сүйлөп жатты, сүйлөп жатты…

Салкынбек байке экөөбүз тепкичтер менен ылдый подвалга түшүп бараттык. Дароо эле сасык жыт мурунду өрдөдү. Бала кездеги өлүк койлордун жытын эстедим. Териси сыйрылып өлүкканада илинип турган өлүк ойлор көз алдыма тартылды. (Экое, экое фантастическое существо-человечек!). Узун караңгы коридорго кирдик. Кыдыракей тизилген каалгалардын үстүндө күңүрт жарыктар күйүп турду. Биринчи эле бөлмөгө киргенибизде… союлган өлүк жатты. Кабыргалары тарбайып, ичи кызаңдап аңырайып турду. Ичеги-карыны, өпкө-жүрөгү жанындагы үстөлдүн үстүндө жатты. Жанына келдик. Орус киши эен. Муну сойгон кыргыз жигит колун жууп… Ары жакта жаткан өлүктү сойгонго камданып жатыптыр. Өлүктү карап турдум. Жапан жазуучусу Акутагава Рюноскени эстедим. «Тозоктун тозогу» деген новелласын жазардан мурда, ал өлүкканага барып, киши сойгонду карап көрүп, анан барып жазган экен… Ичи ачылган, териси канга боелгон («мерзские внутренности человека») көзү жумулуу 40 жаш чамасындагы орус киши жатты. Баш жагын карадым. Баш капкагы ачылып туруптур… О Көчмөндух, Көчмөндух. О, Жеңижок, Жеңижок. О, Аккан суу, Аккан суу. Сенде гана жашабай, сен деп гана сайрабай, сени менен дем албай, сени унутуп, сени курутуп ХХ кылымда «кыргыз» деген атка татыктуу боло албай, «кыргыз деген сөрөй кулунуң сырттагы кайнаган турмуштан алыстап, көөдөнүн боштук ээлеп, тирүүлөй өлүк болуп, алдыңда жаткан союлган өлүктү карап туру, кадалып туру, катып туру… Турмуш экенсиң, ов! Үн жок, сөз жок. Кирпик каккыча ой секирет, ой секирет…

Ары жакта жаткан кара сакалчан кара-тору жигит түрмөдөн келиптир… «Эмне болуп түрмөдөн өлдүң экен? «Эмне болуп түрмөгө түштүң экен?. Атаң ким да, апаң ким ким, аялың ким да, балаң ким? Алып кетишпейби сени эртерээк. Деги бул жакта экениңди билишеби алар?! Азыр сени союшат, диагнозуңду коюшат… Жер астына түшөөрүңө да, аз калды, аз калды… Бул сөз кайдан, бул үн кайдан? Билбейм, «Кечир» дейм. Өзүмдөн сурайм кечирим, Кудайдан сурайм кечирим. Сенден сурайм кечирим. Румын акыны Ана Бландиана төмөнкү ырын кандай абала жазды экен? Билбейм. А мен сага багыштайм, бейтааныш «өлүккө! Ыр, ыр… Сөз. Сөз касиети… Кечир, кечир…

Я не могу помешать суткам

длиться двадцать четыре часа,

Могу только сказать:

Прости меня, что сутки так долги,

Я не могу помешать бабочке рваться из кокона,

Могу только просить у тебя прощения

за кокон, за бабочку,

Прости, что так получается:

из цветка – плод, из плода – семечко,

из семечки – дерево;

Прости, что родники сливаются в речку,

А речки – в море, а моря – в океаны.

Прости, что по кругу идет: от любви

до детеныша,

от детеныша до одиночества, из одиночества – снова в любовь.

Ничему, нечему не могу помещать,

Все следует своей судьбе, меня не спросив,

Все до последней песчинки, до крови,

Текущей во мне.

В моей власти одно только слово:

Прости.

Белгилүү сурөтчү Асан Турсункулов тарткан портрети. «Алтын уютку» көргөзмөгө коюлду.

Үн жок, сөз жок. Кирпик каккыча ой секирет, ой секирет… Аркы бөлмөсүнө да баш бактык. Ал жакта да бир орус кишинин ичи союлуп, орус жигит анын мээсин аңтарып жатыптыр. Ууланып өлгөн экен. Бу киши мага куурчактай көрүндү. А адам баласы мээсин аңтарып жатат. «Булк-чулк» эткен үндөр чыккан болот. Түш сыяктуу көрүндү. Кино сыяктуу көрүндү. Бир гана сасык жыт…

Өлүкканын муздаткычына кирдик. Отуз-кырктай өлүк жатты. Бүт бардыгы дырдай жылаңач, бири өйдө, бири ылдай карап, бири оозун ачып, бири көзүн ачып, бири-экини кийимчен да жатты. Кээ бири союлуп, кайра тигилгендер, бири жаңы келгендер. Кол-буттарында төрөт үйүндөгүдөй аты-жөнү, келген күнү жазылган кагаздар тагылган. Кирпик каккыча ой секирет, ой секирет…

Ооба, өлүккана 40-50 өлүктү сактаганга чамасы жетет. Бирок, кээ бир күндөрү өлүк көп келип, батпай калган күндөр да бар. Муздаткычткы оңдоткондон бери өлүктөр жакшы сакталып жатыптыр. Күн да жылып калды, оозу-мурдуларынан кан чыгып, өлүктөр көөп, адам киргис «тозокко» айланмак экен. Күнүнө 7-8, кээде ондон ашык өлүк келет. Негизинен орус улутунун өкүлдөрү. Кыргыздар келсе да тууган-туушкандары тез арада алып кеткенге аракет кылышат. Ал эми орус улутундагылардын кээ бирлери баласы болобу, эне-атасы болобу, жакын тууганы болобу өлүктү алып кетүүдөн баш тартышат. Себеп: шарт жок. Аны көмүү өлүккананын милдети. Эч ким албаса, өлүкканада бир айга чейин сакталат. Өлүк… Өлүк… Эң аянычтуусу таанылбай калган жана тууган-туушкандары жок өлүктөр. Бир нече күн ар кайсы жерде жатып, анан табылган, сасып, биттеп, курттап кеткен өлүктөр келет. Бул жерде иштегендердин жумушу аябай эле оор. Же льготалары жок… Айлыктары араң 10 миңдин тегерегинде. Өлүктөрдү сойгон эксперттердин перчаткалары эски, кээ бири жыртылган, аларды кайра-кайра жууп, бир нече ирет пайдаланышууда. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй «одноразовый» халат, перчаткалар, али түшкө кире элек. Ал эми түрмөдөн келген өлүктөрдүн 99 пайызы туберкулез менен ооругандардан жана башка ооруп өлгөндөрдүн кандай вирус  жугарын ким билет?… Эми жер-жерлердеги райондордо өлүкканалардын абалын айтпайлы…

Адам баласы бул дүйнөгө келген «ыңалаган үнү жаркыраган төрөт үйү жаңыртып турат. Адам баласы үйлөнгөн жаркыраган Бакыт үйүнө үйлөнүү тою болот. Адам баласы каза болгондо караңгы подвал. Сасык жыт… Өмүр өкмөткө налог төлөп жүрүп, келген жер ушул жер. Салкынбек байке экөөбүздүн кыялыбыз ушул болду. Төрөт үйү, баш кошуу үйү сыяктуу. Аза күтүү үйү (Дом Скорби) болсо, ушул адам баласын жер алдына узата алсак. Кыргыздар үчүн боз үй, жылкы, боорсок, чай, бардыгы болот эле. Христиандар үчүн музыка, жаңы кийим, бардыгы болот эле. Болот эле. Арсыз кыял айланчыктайт…

Өткөн-кеткенибиз, азыркыбыз, ой-кыялыбыз БҮГҮН деген сырдуу сөзгө жуурулушуп, кпрпик каккыча ой секирет, ой секирет.. (Турмуш экенсиң, ов!…Экенсиң, экенсиң ов! Адам баласы экенсиң, үн жок, сөз жок…

Эрнис АСЕК уулу

«Асаба» 1993-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.