АРХИВ — Эрнис АСЕК уулу: «Мелис баламды өлтүрүп эле коюшту» деп апам ыйлап калчу…»

АРХИВ — Эрнис АСЕК уулу: «Мелис баламды өлтүрүп эле коюшту» деп апам ыйлап калчу…»

Эсен болуп, эстей жүр!

Эрнистин агасына болгон сагынычы сөзүнөн, кусалыгы көзүнөн, жоктоосу жазганынан билинип турчу. Көзү өткөнчө агасын жоктоо дартынан айыккан жок. Агасын арманда кылып жүрүп артынан кеткенине эки жылдын жүзү болду. 2020-жылдын 29-январында байымдан ажырап калгам. Боздоп-сыздап 31-январда акыркы сапарга узатканбыз… Куран окутуу, эскерүүдөн башка арга да, айла да жок экен. Ары карап ыйлап, бери карап күлгөн күндөр өтүүдө… 

Эки жыл мени менен кошо эскерген жакшы адамдар көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган байкеси Мелис Эшимканов да эскерилди жана эскерилүүдө… Мелис агабыздан ажыраганыбызга 11 жыл болсо, Эрниске эки жыл болду. Көздөрү тирүү болгондо, быйыл Мелис агабыз 60 жашка, Эрнис 52 жашка чыкмак…

Эрнистин аты аталган жерде Мелис байкенин ысымы аталып, агабыздын аты аталган жерде “Асаба” айтылып келет. Мына кечээтен бери да эскерип жатабыз. Көптөгөн эскерүүлөр келди… Эки гений ага-инини эскерип, жараланган жүрөккө жылуу сөз тартуулаган жакшы адамдарга ыраазычылык билдирем!

Мелис байкени баккан Гүкү ападан 2015-жылы ажыраганбыз. Сөөгүн коюп келгенден кийин Эрнис эскерүү жазды эле…

Назира СААЛИЕВА

АРХИВден…

Эрнис АСЕК уулу: «Мелис байкебиздин көзү өткөнү апам өзүн таштап койду…»

«Мелис байкем болгондо бир тура калып, бир жата калып, шамалга жүгүнгөн талдай болуп, үч айынан бери чоңойткон апасы жөнүндө бир ыйлап, бир күлүп жазып берет эле…»

Кечээ болгон зыйнатты бүгүн айтыш кыйын. Мелис байкем болгондо бир тура калып, бир жата калып, шамалга жүгүнгөн талдай болуп, үч айынан бери чоңойткон апасы жөнүндө бир ыйлап, бир күлүп жазып берет эле…

Мелис байкебиздин көзү өткөнү апам өзүн таштап койду. Айылга барсам эле көзүнө жаш алып, «Балам мага топурак салбай калды, энеге ушундан өткөн азап барбы? Жакшынакай турган баламды өлтүрүп эле коюшту» деп ыйлап кирчү…

Байкем менен санаалаш саясатчылардын көбү Атбашыга барышып, апамдын тамагынан ооз тийиип, чайын ичишти эле. Мелис байкем сыймыктануу менен «Мына мен оозуман түшүрбөгөн, мени чоңойткон Гүкү апам» деп дердеңдеп калаар эле. Бир жолу Бишкекке келип, Аман байкемдин төртүрчү кабаттагы батирине кадамки эле Темир Сариев жаш баладай көтөрүп чыккан. Былтыр барсам, ошону эстеп, «Темир балам жакшы жүрөбү?» деп коет. «Жакшы» дедим. Кайра Мелисин эстеп көзүнө жаш алып… Төрт жылдан кийин минтип сүйүктүү баласынын артынан кетип олтурат.

Кичүүбүз Русланды (ушул инибиздин колунда эле) катуу эркелетти. Анда Руслан олтуруп калган кези.

45 жыл тоодон түшпөй, атам экөө койчу болуп жүрдү. Учурунда Кыргыз ССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты да болгон. Эми мындай мал караган кишини көрбөдүм. Жетим козуларды, кулан, музоолордун, иттин күчүктөрүн баладай карачу да. «Ооруп калыптыр» деп үстүнө үйрүлө түшө калып, пикетка менен дары берип, эки күндө айыктырып алчу. Жонунда сөзсүз бир бала, бир колунда бээ сааган чака, бир колуда козу. Баарына жетишчү. Баарыбызды ушул киши чоңойтту. Кичүүбүз Русланды (ушул инибиздин колунда эле) катуу эркелетти. Анда Руслан олтуруп калган кези. Чай ичип олтурсак, көлдөлөңгө сийип койсо, жеп аткан нанын малып-малып туруп ашап койчу. «Ийи, тегеренейиним, баланыкы дары» деп калаар эле. Неберелерине жалынып олтуруп сөз таппай калчу…

Эми бу киши жөнүндө көлөмдүү чыгарма жазса болот. Мелис байкемдин «Гүкү апа» деген романы кыялында бар эле. Жазылбай кетти, аттиң…

Кош, апа, кош! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!

Эрнис АСЕК уулу,

«Баягы Асаба», 2015-жыл

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.