Бурулкан САРЫГУЛОВА: «Кайран жигит… Эрежеге сыйбаган… Пенделиктен арылайын дедиңби?»

Бурулкан САРЫГУЛОВА: «Кайран жигит… Эрежеге сыйбаган… Пенделиктен арылайын дедиңби?»

Эсен болуп, эстей жүр!

Бүгүн 31-январь. Эрнис АСЕК уулун акыркы сапарга узаткан күн. Оор күн. Түбөлүк уйкуга кеткенине эки жыл болду. Ыйга айланган өмүр өтүп жатат…

Эки жыл мени менен кошо эскерген жакшы адамдар көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган байкеси Мелис Эшимканов да эскерилди жана эскерилүүдө… Мелис агабыздан ажыраганыбызга 11 жыл болду. Көздөрү тирүү болгондо, быйыл Мелис байкебиз 60ка, Эрнис 52 жашка чыкмак…

Эрнистин аты аталган жерде Мелис байкенин ысымы аталып, агабыздын аты аталган жерде “Асаба” айтылып келет. 29-январдан, үч күндөн бери да эскерип жатабыз. Көптөгөн эскерүүлөр келди, аны берүүгө жетишпей  жатабыз. Эки гений ага-инини эскерип, жараланган жүрөккө жылуу сөз тартуулаган жакшы адамдарга терең ыраазычылык билдирем!

Назира СААЛИЕВА

Эки чыгаан журналистке жазылган жоктоо ыры

2020-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, чыгаан журналист Бүбүкан Досалиева эжебизден да ажырап, ыйлаганбыз…

Бала кезден эгиз козудай ээрчишип, ынак курбулардан болгон белгилүү журналист, акын Бурулкан Сарыгулова эжебиз курбусун жоктоп ыр жазып сыздатты эле.

2020-жылдын, 31-январында байымды боздоп-сыздап акыркы сапарга узаткан күнү, Эрниске арнап ыр жазган экен. Ошол ырын салып, ыйлатты…

Назира, менин таланттуу, келечектүү бир сиңдим 19 жашында кырсыктан каза болду. Аркасынан кетчүдөй боздоп атсак «тез жардамдын» улгайган дарыгери бизге: «Бул -тагдыр. Ушуну менен жашоого туура келет»,- деди эле. Анын маанисин кийин, далай жакшы-жаман күндөр баштан өткөндөн кийин түшүнгөм. Кайрат кыл!

Эрнис каза болгондо абдан кейип, бул ырды жазып койгон экемин. Азыр таап алдым.

Кайран жигит

Эрежеге сыйбаган…

Пенделиктен арылайын дедиңби?

Өкүт болуп табылайын дедиңби?

Тирүүлүккө талантыңдын атынан,

Тумар болуп тагылайын дедиңби?

Кайран жигит…

Дүйнө сенден кемибес…

Күч-кубаты сезилип да, сезилбей,

Нечен аалам көчтү, көчөт өзүңдөй…

Даңкы менен доору эми башталаар,

Талантыңдын шылдыр булак көзүндөй…

Бурулкан САРЫГУЛОВА,

31-январь, 2020-жыл

Өмүр тилеп сага дасмал жайылбайт

(Курбум Бүбүкандын 1-ноябрь туулган күнүнө арнайм)
Апаат жайкы алган өңдүү күз үшүн,
Сыртын салат күлкүлөргө күз ичи.
Кимге кандай билбейм, менде дегеле
Суубай койду ал апааттын изи ушу…
Жаркыраган жамалыңды аябай,
Жашоону сен сүйөөрүңө карабай,
Ажал алып кете берди заматта,
Коштоштуруп коюуга да жарабай.
Ой-тилеги бар эле го изги дейм,
Өмүрүн не ажал минтип үздү дейм.
Жок дегенде күтө турса не болмок,
Өзү туулган ушул жолку күздү дейм.
Адатымча белек издеп бүлүнбөй,
Эңгиредим ушул күнү быйыл мен.
Же бара албай, же телефон чала албай,
Жиби үзүлгөн шуру сымал бириндейм.
Башкача элең асыл курбум көп элден,
Барктуу эле күнүң дагы төрөлгөн.
Өмүр тилеп сага дасмал жайылбайт,
Бул майрамдын сен отурчу төрү өлгөн…
Намыс, акыл, күрөшчүлдүк сендеги,
Бул турмушта нени гана жеңбеди.
Кадыр билер, көңүл багаар жан элең,
Өксүп калды бүтүн аалам мендеги.
Таарынышып, анан кайра элдешип,
“Менде күнөө”, “жок, сен эмес, мен” дешип,
Канча мезгил эгиздердей ээрчиштик,
Бой тартканда калган бойдон кездешип.
Эстүү курбум, сөзгө бекем, сыр билги,
Сенче мага, менче сага ким күйдү…
Чаалыкканда сүрөп, сүйөп турарга
Жоксуң эми. Ичим түгөл сыйрылды.
Тулкусуна нарк-насилди уюткан,
Жылдыз болдуң чексиздикте буюккан.
Эстегенде нечен капшыт сөгүлөөр,
Кошкун эми, эсил курбум, Бүбүкан.

Бурулкан САРЫГУЛОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.