ВИДЕО — Көчөдөн аялын сабап, бетке жыга тепкен киши тууралуу милициянын жообу…

ВИДЕО — Көчөдөн аялын сабап, бетке жыга тепкен киши тууралуу милициянын жообу…

Көчөдөн бир жигит балдар менен жакалашып, кызды бетке тээп, сула жыккан видео тууралуу «Кактус.медиа» порталы жазып чыкты. Алар Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына кайрылса, алар 30-январда, саат 23:00дөр чамасында Ахунбаев-Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде эркек киши аялын сабап жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга келип түшкөнүн билдирген. Ал жерге милиция кызматкерлери барып, окуя саат 17:30 чамасында болгонун аныкташкан. Жубайлар достору менен конокко барып, ортодо чыр-чатак чыккан. Аялы сыртка чыгып кеткенде, күйөөсү анын артынан чыгып, күч колдонгон. Андагы жабыркаган келин күйөөсү тууралуу арыз жазуудан баш тартып, эч кандай дооматы жок экенин билдириптир.

Бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.