Чек ара жаңжалынын чыгымы үч миллион сомго жетти. 39-протокол боюнча Ташиевдин жообу

Чек ара жаңжалынын чыгымы үч миллион сомго жетти. 39-протокол боюнча Ташиевдин жообу

Кыргыз-тажик чек арадагы атышуунун материалдык чыгымы үч миллион сомго жеткенин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев «Азаттыкка» билдириптир.

Буга чейин жаңжалда эки сарай өрттөлүп, бир нече үй жана эки машине талкаланганы, бодо мал уурдалганы, өрттөнүп кеткен фактылар катталганы кабарланган. Ошондой эле, жаңжалдан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн тургундардын басымдуу бөлүгү үйлөрүнө кайтканы, Таш-Тумшук айылынын айрым тургундары менен Көк-Ташта жашагандар толугу менен көчүп келе электиги, балалуу келиндер, аялдар коңшу айылдардагы тууган-туушканынын үйлөрүндө баш калкалап жатканы, эвакуациялангандардын арасында ооруп, бейтапканаларга жеткирилгендер да бар экендиги маалымдалган.

Эске сала кетсек, 27-январда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыгып, кечки саат 17:00 чамасында Тажикстан тарап Баткен районундагы чек арада жайгашкан Төрт-Көчө жолун жаап салганы, ок атылганы маалымдалган. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атаган, тажик тарап Кыргызстанды айыптаган. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган.

28-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдындагы Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал турукташып калганын, «Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана «Головной» аймактарында абал стабилдүү экенин билдирген. Ошол күнү УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Баткенге учуп барып, тажик тарап менен жолугушуп, көптөгөн маселелер чечилерин билдирген.

Бул окуяны Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кечээ, 31-январда жабык эшик артында карашты. Ал жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев, ИИМдин орун басары Нурбек Абдиев, Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев чакырылган.

Бул жыйындан чыккандан кийин Ташиев журналисттердин суроосуна жооп берген. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагында эки тажик жана төрт өзбек эксклавы жайгашкан. Аларда тургундар арасында жерге, сууга, ошондой эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан улуттар аралык жаңжалдар чыгып келет. Чек ара чыры бүгүн, кечээ чыга калган чыр эмес, абалкы маселе. Ушул көйгөйлүү маселени бир да президент чечип, туруктуу бир абалга сала албай келатканы ачуу чындык. Дайыма эле кыргыз бийлиги чек арадагы абал дайыма көзөмөлдө экенин, сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтып эле келе жатат…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.