Көчөдөн аялын сабап, бетке жыга тепкен киши 7 күнгө камалды. Аялы коргоого алынды…

Көчөдөн аялын сабап, бетке жыга тепкен киши 7 күнгө камалды. Аялы коргоого алынды…

Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде аялын сабаган кишинин иши Ленин райондук сотунда каралып, сот аны Үй-бүлө кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук ) менен күнөөлүү деп айыптап, жети күнгө камады. Жабыркаган келинге милиция коргоо ордерин берди.

Эске сала кетсек, бир жигит балдар менен жакалашып, кызды бетке тээп, сула жыккан видео кечээ, 31-январда социалдык тармактарга тараган. Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 30-январда, саат 23:00дөр чамасында (Ахунбаев-Бакаев көчөлөрүнүн кесилишинде) маалымат келип түшкөн. Милиция айтылган жерге барып, жубайлар достору менен конокко барып, ортодо чыр-чатак чыкканын, аялы сыртка чыгып кеткенде, күйөөсү анын артынан чыгып, күч колдонгонун аныкташкан. Жабыркаган келин күйөөсү тууралуу арыз жазуудан баш тартып, эч кандай дооматы жок экендигин айтканын билдирген.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30% көп.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.