Кымбат НУРЖАНОВА: «Окуу жайга айрымдар формага кызыгып барышса, мен кайда, эмне үчүн баратканымды билип барганмын»

Кымбат НУРЖАНОВА: «Окуу жайга айрымдар формага кызыгып барышса, мен кайда, эмне үчүн баратканымды билип барганмын»

Келечекте айымдардан чыккан биринчи ички иштер министри болгусу келген 4-курстун курсанты, спорт чебери Кымбат Нуржанова «Бетме-бет” гезитине кызыктуу маек куруп бериптир. 

ИИМ Академиясында чыдамкайлыгы, өжөрлүгү менен окууда дагы, спортто дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырып келе жаткан Кымбат Нуржанова милиция кесибин тандап алууга ИИМдин Академиясында окуган эжеси себеп болгонун айтыптыр.

— Эжемди көрүп суктанып, сыймыктанып, мен да келечекте милиционер болом деген аруу кыялда бөпөлөп өстүм. Айрымдар бул окуу жайга формага кызыгып эле келип алышса, мен кайда, эмне үчүн баратканымды толук аңдап, билип келгенмин. Башка нерсени элестетип келген айрым жаштар биздин окуу жайда 1-курста окуп жатканда моралдык, физикалык жактан абдан кыйынчылыктарга туш келишет, бирок мен баарына даяр болуп келгем. Үйдүн улуусумун, эки сиңдим бар. Атамдан эрте ажырап калгандыктан, өзүмдү үй-бүлөм үчүн жоопкерчиликтүү сезип, аларды коргойм деген максатта бул кесипти тандап алганым да бекер жеринен эместир. Буйруса, максатыма бир кадам таштап, ийгиликтер менен келе жатам деп ойлойм. Менин Академияга тапшырам дегенимди уккан апам: «Эмне жардам керек, кызым?» деп сурап калды. Мен апама жөн гана Кудайдан тиленип олтуруп туруңуз дедим да, өзүм борбор калаага аттандым. Мурда-кийин Бишкекке келбесем да, окуу жайды таап, сынактардан ийгиликтүү өтүп кеттим. Чынын айтсам, президенттик стипендия бар экенин укпаптырмын. 1-курста эле жалаң «5» деген бааларды алып баштаганда, мени окуткан агай-эжейлерим ушул деңгээлден жазбай окусам президенттик стипендияга жетеримди айтышты. Ошол күндөн баштап жан дилим менен аракеттене баштадым.

Окуу жайда өткөн илимий конференцияларга катыша албасам да, спорт жаатында көптөгөн ийгиликтерим бар. Спорттун таяк тартыш түрү менен 2017-жылдан бери машыгып келем, учурда эл аралык класстагы спорт чеберимин. 2018-жылы 1-курста окуп жүргөн кезимде Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып, 2-орунга ээ болгом. Ошол эле жылы Дүйнөлүк чемпионатка катышып, байгелүү орунду багындырдым. Аны менен бирге Кыргызстанда өткөн көптөгөн турнирлердин катышуучусумун. Жакында эле Өзбекстанга Дүйнө кубогуна барып, 3-орунду алдым. Өткөн жылы декабрь айында Финляндияда өткөн Дүйнөлүк чемпионатта 1-орунду камсыз кылып, чемпион аталдым.

Президенттик сыйлыкка ээ болгонумду укканда Ысык-Көлдө машыгууда жүргөм. Ушунчалык толкунданып, кубанычымды биринчи болуп машыктыруучум менен бөлүштүм. Агай, дагы машыгайынчы, энергиямды бир жакка жумшаш керек болуп жатат дедим. Машыктыруучумдун сүйүнгөнүнө чек жок болду. Чоң апам, апам болсо жакшы кабарды угуп көздөрүнө жаш алышты. Президенттин колунан сыйлык алып жатканда да толкундоо сезимдери күч болду. Ар бирибизди куттуктаган Президент Садыр Жапаров бизге ыраазычылыгын билдирип, жылуу каалоо-тилектерин айтты. Бул сыйлык мага жакшы стимул болуп, алдыга үндөп, дем-күч берди. Келечекте айымдардан чыккан биринчи ички иштер министри болгум келет.

«Бетме-бет» гезити

 

One thought on “Кымбат НУРЖАНОВА: «Окуу жайга айрымдар формага кызыгып барышса, мен кайда, эмне үчүн баратканымды билип барганмын»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.