ВИДЕО — Шаирбек ТАШИЕВ: «Мандатымды тапшыруу боюнча шайлоочуларым менен кеңешип жатам»

ВИДЕО — Шаирбек ТАШИЕВ: «Мандатымды тапшыруу боюнча шайлоочуларым менен кеңешип жатам»

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча бир-эки күндө чечим кабыл аларын «Азаттыкка» бүгүн, 2-февралда билдириптир. Анда ал учурда шайлоочулар менен кеңешип жатканын, агасы Камчыбек Ташиевдин кеңешин, шайлоочулардын өтүнүчүн эске алуу менен чечим кабыл алып, бир-эки күндүн ичинде маалымат берерин айтыптыр.

Камчыбек ТАШИЕВ: «Саясатта бир эле Ташиев болот»

Эске сала кетсек, иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун окуясынан кийин, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев депутат иниси Шаирбек Ташиев мандатын тапшырарын билдирген. Ал: «Саясатта бир эле Ташиев болот, Шаирбек иним Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында мандатын тапшырат«,-деген болчу.

Ал эми Шаирбек Ташиев  мандатын тапшыруу үчүн «Ата журт Кыргызстан» фракциясына арыз менен кайрылган. Депутаттар 27-январда бул маселени караган. Анда депутат Надира Нарматова аны колдоп, коргоп чыккан. «Мандат тапшыруу Ташиевдердин үй-бүлөлүк чечими болсо керек. Бирок, элдин талабы бар да. Фракциялаш катары жеке пикиримде, ар кандай кырдаалда ата балага, бала атага, бир тууган бир тууганга жооп бербейт. Аны эл шайлаган, болгондо дагы бир мандаттуу округдан келген. Ал аягына чейин иштеши керек. Аманатка кыянат кылбай элдин берген ишеничин, тапшырмасын аткарышы зарыл”, — деп чырылдаптыр… Толугу  «Азаттыкта»…

Белгилей кетсек, Шаирбек Ташиев 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №14 Жалал-Абад округунан шайланып келип, парламенттеги «Ата журт Кыргызстан» фракциясына кошулган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.