Садыр Жапаров менен Си Цзинпин темир жол куруу долбоорун талкуулайт

Садыр Жапаров менен Си Цзинпин темир жол куруу долбоорун талкуулайт

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун Кытайдагы иш сапары тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров Бээжиндеги кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышат. Кытайдын төрагасы Си Цзинпин баштаган жетекчилер менен жолугат, анда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат. «Талкуулана турган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу перспективасы болмокчу. Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө бекеттеринин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр«,-деди Кулубаев.

Садыр Жапаров Кытай сапарын утурлай 24-январдан тартып эпидемиологиялык коопсуздук чараларын сактоо зарылдыгынан улам аралыктан иштөө режимине өткөн. Ал Бээжинде 3-5-февраль күндөрү иш сапар менен болот.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.