Акылбек Жапаровдун тескемеси менен Мээрим Ормушева каякка директор болуп барды?

Акылбек Жапаровдун тескемеси менен Мээрим Ормушева каякка директор болуп барды?

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2022-жылдын 1-февралындагы № 70 тескемеси менен Ормушева Мээрим Айдарбековна Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) алдындагы “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Аны эмгек жамаатына бүгүн, 3-февралда Кыргызпатенттин жетекчиси Рахат Керимбаева тааныштырды. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Ой, ким бул, ой?!

Мээрим Ормушеваны учкай тааныштыра кетсек, ал жогорку билимдүү. Кесиби — юрист. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Андан кийин Япониянын эл аралык университетинен билим алган.

2012- 2014 — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында (финансы полициясы) тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, кылмыш-жаза процесси кафедрасынын лектору болуп эмгектенген. 2016 —жылдан ушул убакытка чейин – Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги, укук башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеп келген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.