ВИДЕО — ЖУМАБЕКОВ: «Бул жерде коррупция, трайбализм жок! Иштегендердин 5-7 пайызы гана таластыктар…»

ВИДЕО — ЖУМАБЕКОВ: «Бул жерде коррупция, трайбализм жок! Иштегендердин 5-7 пайызы гана таластыктар…»

Бүгүн, 3-январда Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси, академик, профессор Сабырбек Жумабеков журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин 3 дооматына жана журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Биринчи доомат — коррупция: «Мамлекеттик бюджетке кол салгандан Кудай сактасын! Биздин мекемеде коррупция жок! Себеби, бул меники эмес, мамлекеттики да. Анан министр кайсы коррупцияны айтып жатат билбейм?!»,-деди С.Жумабеков.

Экинчи доомат — жердештер: «Таластыктарды толтуруп алды» деп трайбализмге айыптаптыр. Бул жерде иштегендердин 5-7 пайызы гана таластыктарды түзөт. Буга чейин бул жерге келип, «100 кишинин алдында таластыктар чогулуп алдыңар, силерди жоготом, кетирем» деп бакырыптыр.

3-дооматы менчиктештирүү: «Бул жерде эч кандай менчиктештирүү жок»,-деди.

Ошондой эле, Сабырбек Жумабеков министрге эки ирет жолукканын айтты. «Арыз жазып кызматтан кет» деди. «Мен кетпейм. Эгер кызматтан алгыңыз келсе, анда буйрук менен ала бериңиз. Бирок, мен арыз жазбайм»,-дедим. Кет десе эле кетип калбайм да. Эгер мен кызматтан кетсем, мени менен бир топ жаштар кетет. «Сиз менен кетебиз» деп жатышат. Мени кызматтан алам дегенинин бир себеби жаңы оорукананы салдырбаш керек болуп жатат. Салдырса өзүнө алыш керек окшойт. Бул курулуш Катар мамлекетинде чечилген. Ооруканадагы «коррупцияны, жеке менчигине айлантып алды» дегенин түшүнгөн жокмун»,-дейт Сабырбек Жумабеков.

Президентке кайрылуусу: «Урматтуу Садыр Нургожоевич, бул мекемеде академик, илимпоздор иштейт, жалпысынан 900 адам эмгектенет. Бул илимий борборду сактап калышыңыз керек. Статуска ээ болушу керек, Улуттук илимий борборго айланышы абзел!»,-дейт академик, профессор.

Айтканынан кайтпаган министр…

Учурда аталган борборду Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы катары кайра түзүү аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу министр А.Бейшеналиев буга чейин айткан, бүгүн да «Азаттыкка» билдириптир. “2017-жылы балдардын онкологиялык ооруканасы салынмак. Анан 2019-жылы иниси спикер болуп калып, өзүнө ал акчаны алып кетип калган. Совет учурунда ошол жерде «Тез жардам» ооруканасы болгон. Мисалы, сенин апаң ооруп калса, ошол жерден дарылайт. Хирург, кардиолог жана башка адистер болот. Азыр ооруган апаңды «Тез жардам» салып алып шаарда ташып жүрөт. Муну мен кылбасам ким кылат?”, — дептир Бейшеналиев.

Академиктин таржымалы…

Бир топ эл аралык жана мамлекеттик сыйлыктын ээси Сабырбек Жумабеков Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун 10 жылдан ашуун (2004-жылдан бери) жетектеп келет. 2007-жылы, андагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигинде «Ак Жол» партиясынан парламентке депутат болуп келген. Бирок, беш күн эле иштеп, мандаттан баш тартып кетип калган. 2010-жылы саламаттык сактоо министри болуп, бир жыл иштеген. Кийинчерээк өз калоосу менен кызматтан кетип, аталган мекемеге кайтып барган.

Бир тууган иниси Дастанбек Жумабеков Жогору Кеңештин 6-чакырылыштагы депутаты, спикери болгон. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодого бир мандаттуу округдан катышып, жеңишке жетип, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты болуп келди.

Сынга кабылып келаткан Алымкадыр Бейшеналиев 2020-жылы Октябрь окуялардан кийин, Саламаттык сактоо министри болуп дайындалган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “ВИДЕО — ЖУМАБЕКОВ: «Бул жерде коррупция, трайбализм жок! Иштегендердин 5-7 пайызы гана таластыктар…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.