ЕККУнун башчысы Рогов ИИМге иш сапар менен келди. Ал министр менен эмнени талкуулады?

ЕККУнун башчысы Рогов ИИМге иш сапар менен келди. Ал министр менен эмнени талкуулады?
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы, Элчи Алексей Рогов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин саясий жана аскердик бөлүмүнүн башчысы Александр Елисеев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин полиция боюнча кеңешчиси Константин Бедарев, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин консультанты, отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин программалык ассистенти Самат Мурзалиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратына таанышуу иш сапары менен келишти. Министр Улан Ниязбеков ЕККУнун башчысын ИИМди модернизациялоонун жүрүшү менен тааныштырды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 3-февралда билдирди.
Конокторго министр, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков менен орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов ИИМдин Борбордук аппаратында тааныштыруу экскурсиясын өткөрүштү.
ИИМ башчысынын айтымында, ИИО тарабынан милициянын бардык ишмердүүлүгүн трансформациялоого, гумандаштырууга, коом менен ишенимди жана өнөктөштүктү арттырууга багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Делегацияга нөөмөт жайын, расмий делегациялар менен жолугушууларды жана онлайн конференцияларды өткөрүү үчүн эл аралык кызматташуу залын, өлкөнүн бардык облустарындагы жана шаарларындагы эл көп чогулган жерлерде абалды интеллектуалдык камералар аркылуу көзөмөлдөгөн ыкчам башкаруу жана координациялоо борборун, ИИМдин Басма сөз кызматынын студия борборун модернизациялоонун натыйжасы, жабдылышы жана режиссердук жайлары менен таанышты.
Алар милициянын көчмө пункттарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген атайын жабдуулар орнотулган мониторинг бөлмөсүн жана милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн боди-камераларынан аудио-видео маалыматтарды көрсөтүштү. Ошондой эле, эки метр бийиктиктен кулаганда же сууга түшүп кеткен учурда да ишин уланткан камералардын жогорку деңгээлдеги иштеши белгиленди.
Мындан тышкары, укук коргоо кызматкерлери алдыдагы пландар тууралуу айтып беришти.
Келечекте республиканын бардык нөөмөт бөлүмдөрүн, убактылуу кармоочу жайларын бириктирүү жана социалдык-кызматтык абалды учурдун талабына ылайык көзөмөлдөөнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин көзөмөлдөө үчүн республиканын бардык аймактарынан келген видеобайкоо камералары менен интерактивдүү доска түзүүнү жана бардык милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн жана балдар иштери боюнча инспекторлорду камералар жана планшеттер менен жабдуу жагы сунушталган.
Ички иштер министри ЕККУнун өкүлдөрүнө жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдиришти.
«Узак мөөнөттүү кызматташуу, ички иштер министрлигинин калктын ишеним деңгээлин жана ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатууга багытталган аракеттерине кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биргелешкен аракеттердин аркасында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо программасына кирген абдан маанилүү «Коомдук коопсуздук демилгеси» долбоору ишке ашырылууда», — деди Улан Ниязбеков.
Министр биргелешкен демилгелердин, өз ара аракет менен жетишилген олуттуу натыйжалардын маанилүүлүгүн белгиледи.
Тараптар мындан аркы иштин келечегин жана кызматташуу маселелери тууралуу талкуулашты.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.