Президенттин Жарлыгы менен Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

Президенттин Жарлыгы менен Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев бүгүн, 3-февралда кызматынан бошотулуп, анын ордуна «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев дайындалды. Мындай маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

Өмүрбек Чиркешовичтин баскан жолу

КРнын эмгек сиңирген юристи, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, КМШ өлкөлөрүнүнү парламенттер аралык ассамблеясынын «Содружество» («Кызматташтык»), II даражадагы «Манас» жана «Апрель элдик революциясынын баатыры» орденинин ээси Өмүрбек Чиркешович 63 жашта. Ал 1958-жылы 22-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында туулган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын (эки уул, эки кыз) атасы. Жубайы — Айгүл Текебаева. 

Жогорку билимдүү. Эки дипломдун ээси. 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика факультетин, 1994-жылы ушул эле окуу жайынын юридикалык факультетин аяктаган. Эмгек жолу мугалимдиктен башталган. Өзүнүн туулуп-өскөн айылындагы (Акман) Токтогул атындагы орто мектепте окуучуларга физика, математикадан сабак берген. Андан кийин Ош мамлекеттик педагогикалык университетте лаборант, ага лаборанты, Базар-Коргон райондук эл арагартуу бөлүмүнүн методисти,  Жалал-Абад облусунун монополияга каршы саясат жана ишкердикти колдоо башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенген.

1991-1992 — жылдары саясатка аралашып, «Эркин Кыргызстан» саясий партиясынын төрагасы болгон. КРдин жаңы Конституциясын иштеп чыгуу боюнча комиссиянын жана анын жумушчу тобунун мүчөсү, СССРдин Жогорку Советинин мүчөсү, юридикалык маселелер боюнча республикалар кеңешинин мүчөсү, Жалал-Абад облустук администарция башчысынын орун басары болуи иштеген. 1994-жылы «Ата Мекен» социалисттик партиясын жетектеген. Ошол эле жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин XII чакырылышына депутат болгон.

Жогорку Кеңештин I, II чакырылышынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты. 2000-2001-жылдары Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары, 2002 —жылы Конституциялык кеңештин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, бир жыл спикер (2005-2006 —жылдары) болгон. Андагы ажо Курманбек Бакиев менен тил табыша албай, кызматтан кетип, 2006-жылы  Конституциялык кеңештин төрагасы болуп дайындалган. 2010 — жылы Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары, өлкөдө конституциялык реформаларды жүргүзүүгө жооптуу — Конституциялык кеңештин төрагасы болгон. Ошол эле жылдын, октябрь айында Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болду. 2015 — жылы «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Ушунча жыл аралыгында бир топ мыйзамдарды жазып, «Конституциянын атасы» атыккан.

Былтыр дагы (2021-жылы 28-ноябрда өткөн) парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясын баштап барып, шайлоого катышып,  5% босого чектен өтпөй калган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

АРХИВден…

«Кичүү кызыма апамдын Айсара ысымын бердик”

Апамдын аты — Тилла, жакында, буюрса, 80ге чыгат. 1933-жылы төрөлгөн. Агезде документтер болбогондуктан, «өрүк гүлдөгөн маалда төрөлгөм» деп калат. Ошол себептен, апамдын туулган күнүн жаз айында белгилейбиз. «Тилла» — бул биздин региондун диалектисинде «алтындын» синоними. Балдарымдын бирине атамдын, кыздарымдын бирине апамдын ысымын берейин деп жүргөн элем. Бирок атамдын ысымын коюуга апам да көнбөй, аялым да: «Мен аны кантип чакырам» деп болбой койгон. Кичүү кызым төрөлгөндө апамдын атын коем деп калдым. Апам өзү да бул ойду жактырбады. Бирок, баары бир оюмдан кайтпай, Айсара ысымын бердик. «Сара» иран тилинде «алтындай», еврей тилинде «кубаттуу ханыша, кожейке» дегенди билдирет экен.

«Апам намыскөй, өжөр, мээнеткеч, үй-бүлөнүн кадыр-баркын сактоо үчүн жанын үрөгөн эне эле…»

Атам да эрте жетим калып, апам да жетим чоңойгон. Апам Сузактын Кара-Дарыя айылынан, атам Базар-Коргондон. Автобус жүрбөгөн, жол жок убакта экөө кантип табышып калганын билбейм. Алар үйлөнгөндө апам 18де экен, балким, андан да жаш болгон болсо керек. Анткени, атамдын достору: «Чиркеш, сен жаш кызга үйлөнүп алдың, Совет өкмөтү сени бул үчүн камап коет» деп тамашалашчу экен. Ошондон улам, атам өзүнөн үч жаш гана кичирейтип, апамдын жылын 1930-жыл деп жаздырыптыр. Апам пенсияга чыкканда атам: «Көрдүңбү, ошондо мен көрөгөчтүк кылган экенмин, пенсияга үч жыл эрте чыктың» деп тамашалап калчу.

«Апамдын жаш кезин элестетсем, көз алдыма башынан кыргыз келининин классикалык тагдырын өткөргөн, үйдө аз сүйлөгөн, уяң мүнөз, өтө байкалбаган, бирок колхоздун да, үйдүн да жүгүн көтөргөн айым тартылат»

Апамдын жаш кезин элестетсем, көз алдыма башынан кыргыз келининин классикалык тагдырын өткөргөн, үйдө аз сүйлөгөн, уяң мүнөз, өтө байкалбаган, бирок колхоздун да, үйдүн да жүгүн көтөргөн айым тартылат. Апам Социалисттик эмгектин ударниги болгон. Нормаларды ашыра аткарчу, өзгөчө күзүндө атаандаштык күч алат эле. Колхоздун радио түйүнүнөн пахта теримдин күнүмдүк жыйынтыгын чыгарып, айтып турушчу. Атам баш болуп ошону угуу үчүн түнкү саат 12лерге чейин уктабай сводканы күтүп отурчубуз. «1-бригададагы Текебаева Тилла 140-150», кээде «200 килого чейин пахта терди» деп колхоз боюнча биринчи же экинчи орунду ээлегенин айтат эле. Аны угуп, биз апабыз менен сыймыктанчубуз. Ошол сыймыктуу сезим ал кезди эстегенде азыр да дал ошол калыбында менде пайда боло түшөт. Апамдагы намыскөйлүк, өжөрлүк, мээнеткечтик, үй-бүлөнүн кадыр-баркын сактоо үчүн жанын үрөгөн сапаттар, азыр ойлоп көрсөм, бардык эле кыргыз аялдарына таандык экен.

 Назира СААЛИЕВА,

«Де-факто», 2012-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.