ВИДЕО — Сабыр Жумабеков бүгүн, 3-февралда президентке кайрылат. Министр мас болуп барып кетиптир…

ВИДЕО — Сабыр Жумабеков бүгүн, 3-февралда президентке кайрылат. Министр мас болуп барып кетиптир…

Академик, профессор, миңдеген оорулууга шыпаа берген атактуу ортопед, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков бүгүн, 3-февралда президент Садыр Жапаровго кайрылат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кайрылуу саат 10:00до башталат. Аны чагылдырууга ММКларды жана активисттер чакырылды.

Эске сала кетсек, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Саламаттыкты сактоо министрлиги реорганизация кыла турганы 1-февралда белгилүү болгон. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин «Кактус медиага» берген маалыматына караганда, ал жерге Тез жардам борбору ачылары пландалууда. Ошондой эле ал аталган мекенин жетекчиси Жумабековду коррупцияга айыптап, кызматтан кетиши керектигин баса белгилеген. Анын айтымында, ал жерди академик менчиктештирип, туугандарын топтоп алган.

Ал эми Сабырбек Жумабековдун айтымында, министр ал жокто аталган мекемеге таңкы саат сегизде, мас абалында барып, ар нерсени айтып кетиптир…

А сиз академик Сабырбек Жумабековдун кызматтан кетишин каалайсызбы?..

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.