Жогорку соттун төрагасы жана аппарат кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Жогорку соттун төрагасы жана аппарат кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Жогорку сотунун аппарат кызматкерлери бүгүн, 5-февралда ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Ишембиликке Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков, судьялар, Жогорку сотунун профсоюз комитетинин төрагасы Болотбек Акматов, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин төрагасы Шералы Камчыбеков катышышты.

Жогорку соттун имаратынын алдында куурап калган арчалар алынып, ордуна жаңы арчалар отургузулду. Арчалар Жогорку соттун профсоюз комитетинин көмөктөшүүсү менен сатылып алынган.

Жаздын алды менен Жогорку сот жана жергиликтүү соттор айлана-тегеректерин ирээтке келтирип, жашылдандыруу иштерин башташат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.